Үйдөгү гүлдөр. Архив

Бөлмө ичинде гүл өстүрө албай убара болгондорго флорист кеңеш берди

301
(жаңыланган 09:00 02.07.2020)
Флорист үй ичине кайсы гүл ылайыктуу экендигин жана аны дүкөндөн сатып алганда кантип кайрадан отургузуу керектигин айтып берди.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Үйдүн ичин кооз кылып жашылдандыруу үчүн гүл өстүрүүнү каалап, бирок аны кантип өстүрүүнү билбей жаткандарга Россиядагы флористтер бирикмесинин президенти Валентина Сафронова кеңеш берди. Аны менен Sputnik радиосу маектешкен.

Анын айтымында, оңой өстүрө турчу гүлдөрдүн катарына сансевиерия кирет. Ага кайсы бир убакта суу куйбай койсо деле жашай берет.

"Сансевиерия эң чыдамдуу гүл деп аталат. Ал катаал шарттарда деле өсүп кетет. Тамашалап айтканда, эмгек өргүүгө беймарал кетсеңиз болот. Бул гүлдү жөнөкөй тил менен чортон балыктын куйругу деп коюшат, себеби жалбырактары ошого окшошуп кетет", — деген флорист.

Ал белгилегендей, гүлдүн өсүшү үйдүн кайсы жеринде турушуна да байланыштуу болот. Күндүн жылуулугу жетпей калгандар жакшы өспөй калары белгилүү.

Фермер 400 килограммдык ашкабак өстүрүп, андан кайык жасады. Видео

Ошондой эле сатып алган гүлдү кайрадан башка челекке отургузуу маанилүү экендигин белгилеген.

"Гүлдөрдүн көбү "транспорттук топурак" менен келет. Анын курамында чым көң менен майда чөптөр (мох) болот. Аны үйгө алып келгенде башка идишке жана топуракка көчүрүү керек. Дүкөндөрдө ар бир өсүмдүктүн өзүнүн топурагы болот. Маселен, лимон сатып алсаңыз, ага цитрус жемиштерине ылайыкталган топуракты алыңыз", — деген адис.

Флорист жалкоолонуп жаткандарга же үйүндө шарты начарларга жасалма гүлдөрдү деле коюп алууну сунуштаган. Ал мындай жол менен бөлмөгө кооздук берүүдөн тартынуунун кажети жок экендигин белгилеген.

301
Белгилер:
бөлмө, кеңеш, өстүрүү, гүл
Тема боюнча
Бут шишидиби? Ысыкта туура тамактануунун жолу айтылды
Ичегинин иштөөсүн кайсы азыктар жакшыртат? Дарыгердин кеңеши
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

85
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

85
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
Бишкектеги Кыргызфильм киностудиясын имараты. Архив

"Кыргызфильм" киностудиясына жаңы жетекчи дайындалды

81
(жаңыланган 15:24 22.10.2020)
Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон. Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Новый директор национальной киностудии Кыргызфильм имени Т. Океева Акжолтой Бекболотов
© Фото / пресс-служба МКИТ КР
Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

"Эмгек кодексинин 55-58-беренелерине жана өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы №236 токтому менен бекитилген "КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө" жобонун 13-пунктуна ылайык, Акжолтой Бекболотов Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды",— деп жазылат маалыматта.

ЖК депутаттары Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып бекитти

Бекболотов буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жетекчиси болуп иштеген.

81
Белгилер:
дайындоо, жетекчи, кызмат, Кыргызфильм
Тема боюнча
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды
Шайлоо учурунда киши добуш берип жатат. Архив

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

0
(жаңыланган 20:23 22.10.2020)
Бүгүн ЖК депутаттары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, кийинки шайлоо алты айдын аралыгында өтөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу маселеси карала элек, ал учурдагы конституция боюнча январь айында өтөт. Бул тууралуу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

"Биз бүгүн парламенттик шайлоонун гана мөөнөтүн жылдырдык. Президенттик шайлоо азыркы мыйзамдар боюнча үч айдын аралыгында, 10-январда же ошого жакын датада өтүшү керек. Бирок бүгүн кабыл алган мыйзам менен Конституцияны өзгөртүүгө жол ачылды", — деди Жапаров.

Депутат эгер Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтө турган болсо, анын датасы президенттик шайлоодон мурун белгилениши керектигин кошумчалады.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Ал ошондой эле жоопкерчиликти бир адамга берүү максатында алдыда элге парламенттик же президенттик башкарууга өтүү тандоосу коюлушу мүмкүндүгүн айтты.

0
Белгилер:
президенттик шайлоо, референдум, Акылбек Жапаров
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды
Шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун ЖК комитети үч окууда жактырды