Бүгүн Кыргызстанда дагы 526 кишиден коронавирус чыкты

© REUTERS / Carl RecineКан үлгүлөр коронавируска тест үчүн берилген
Кан үлгүлөр коронавируска тест үчүн берилген - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкекке жардам берүү үчүн аймактардан дарыгерлер тартыларын айткан.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн дагы 526 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 211;
  • Чүй облусу - 231;
  • Ош шаары - 19;
  • Ош облусу - 6;
    Нарын облусу - 3;
  • Жалал-Абад облусу - 27;
  • Талас облусу - 1;
  • Баткен облусу - 18;
  • Ысык-Көл облусу - 10.

ДССУ: дүйнөдө коронавируска каршы 141 вакцина иштелип чыгууда

Жаңы учурдун жетөө сырттан келсе, 519у бейтаптар менен байланышта болгондор.

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 6 261ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0