Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду

© Sputnik / Дильноза АлымоваБорбор калаадагы Октябрь райондук администрациясынын башчысы Максим Ситников
Борбор калаадагы Октябрь райондук администрациясынын башчысы Максим Ситников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ситников ден соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу кызматын тапшырган. Буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Октябрь райондук администрациясынын башчысы Максим Ситников кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эртеңден тарта Бишкек катаал карантиндик режимге өтөт. Чектөөлөрдүн тизмеси

Билдирүүгө ылайык, аталган буйрукка Бишкек мэри Азиз Суракматов кол койду. Ситников ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу кызматын тапшыргандыгы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0