Кыргызстанда пневмониядан бир суткада 17 киши көз жумду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканада бейтап. Архив
Ооруканада бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта миңден ашуун бейтаптын өпкөсү сезгенип жатат. Анын ичинен 112си жандандыруу бөлүмүндө, оор абалдагылардын саны үч жүздөн ашат.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө бир суткада пневмониядан 17 киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, соңку суткада 206 киши ооруканага түшүп, ушул тапта 1 247 бейтаптын өпкөсү сезгенип жатат. Анын ичинен 112си жандандыруу бөлүмүндө, оор абалдагылардын саны 337 болду. Каза болгондор бүгүнкү статистика менен жалпы 97ге жетти.

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

Март айынан бери жалпысынан пневмонияга 1 971 киши кабылып, анын ичинен 627 адам сакайып чыккан.

Республикалык штаб өпкөсү сезгендердин коронавируска тапшырган анализдери таза чыкканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0