Боронов: эртең Кытайдан учак менен 500 кычкылтек концентратору алып келинет

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Кырыгзстандын премьер-министри Кубатбек Боронов
Кырыгзстандын премьер-министри Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы бейтаптар үчүн орун меселесин чечкендей эле жабдуу менен камсыздоо дагы жөнгө салынарына ишендирди.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Акыркы убакта коронавирус менен байланышкан пневмония оорусу күч алып жатат. Бул тууралуу брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, учурда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка эмес, кычкылтек концентраторуна муктаждык жогору болуп жатат.

"Бишкек шаарындагы кемчиликти толугу менен жоёбуз. Эртең Кытайдан 500 даана кычкылтек концентраторун алып келебиз. Анын акчалары төлөнгөн, жана эле сүйлөштүм, учакка жүктөө боюнча документтер даярдалууда. Кошумча башка медициналык жабдуулар да келет. Мындан сырткары, дагы 500 даанага буюртма бердик. Ал бир жуманын ичинде келип калат", — деди Боронов.

Мындан сырткары, өкмөт башчы Дүйнөлүк банктын эсебинен 63 жасалма дем алдыруучу аппарат, 113 кычкылтек концентратору 15-июлга чейин алынарын айтты. Түркиядагы элчилик 50 жасалма дем алдыруучу аппарат, 50 кычкылтек концентраторун алуу боюнча сүйлөшүп жатканын белгиледи.

Катуу жазаланат! Финпол дарыны кымбаттаткан дарыканаларды текшере баштады

Ал эми өкмөт тарабынан медициналык жабдууларды сатып алууга 50 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

Боронов бейтаптар үчүн орун меселесин чечкендей эле жабдуу менен камсыздоо дагы жөнгө салынарына ишендирди.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев шаршембиде берген брифингинде өлкө 220 жасалма дем алдыруучу аппаратка жана 2003 кычкылтек концентраторуна муктаж экенин билдирген.

"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды. Сүрөттөр

Жаңылыктар түрмөгү
0