Өкмөт башчы: медиктер үчүн уюштурулган окуудан өткөндөр ишке киришти

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив
 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы ак халатчандарга бардык шарт түзүлүп айлык акы, кошумча төлөмдөр өз убагында бериле тургандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкө аймагындагы медицина кызматкерлери мобилизацияланып, айрымдары атайын окуудан өтүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, медицина тармагында кадр маселеси курч турат.

"Бир ай мурун медицина кызматкерлерине атайын курстар уюштурула баштаган. Алардан алгачкы 20 дарыгер окуусун бүтүп, азыр иштей баштады. Ал курстар өз ишин дагы деле улантууда. Ошол эле маалда медициналык окуу жайларда билим алган студенттерди ишке тартуу аракеттери көрүлүп жатат", — деди Боронов.

Премьер Бишкек шаарына Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынан 100гө жакын дарыгерлер жардамга келерин белгиледи.

Бишкекке жардам берүү үчүн аймактардан дарыгерлер келмей болду

"Аймактардан жардамга кол созгон медиктердин айрымдары азыр жолдо келе жатышат. Биздин дарыгерлерибиз бүгүн болуп көрбөгөндөй каармандыкты жана чыдамдуулукту көрсөтүүдө. Пандемияга каршы күрөштө алар мындан да чыдамдуулугун көрсөтүп, элибизди аман алып чыгат деп терең ишенем", —деди Боронов. 

Ошондой эле өкмөт башчы иштеп жаткан ак халатчандарга шарт түзүлүп берилип, айлык акы, кошумча төлөмдөрдү өз убагында аткара тургандыгын кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирустан улам 900дөй медик окутулуп, даярдалат

Жаңылыктар түрмөгү
0