Чүйдө транспорттун иш тартиби өзгөрүп, бир катар чектөөлөр кирди. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекАйдоочунун температурасын текшерип жаткан кызматкер. Архив
Айдоочунун температурасын текшерип жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүйдө оору жуктургандардын көбү Бишкекке жакын жердеги Аламүдүн жана Сокулук райондорунда катталып жатканы белгиленди. Алардын көбү жумушу үчүн борборго каттайт.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Учурдагы абалга байланыштуу Чүй облусунун башчысы Алтынбек Намазалиев тарабынан аймак ичине бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июлга карата коронавирус жуктургандардын саны облуста 1 138ге жетти. Анын 231и сутка ичинде катталды. Оору жуктургандардын көбү Бишкекке жакын жердеги Аламүдүн жана Сокулук райондорунда, алардын көбү борбор калаада иштейт. Эпидемиологиялык изиздөө алар вирусту коомдук транспорттон, базарлардан, ири соода жайлардан жана эл көп топтолгон жерлерден жуктурганын көрсөткөн.

Жээнбеков: бул кыянатчылык, тойлорго расмий тыюу салууга убакыт келди

Оорунун мындан ары күч алышын чектөө боюнча район башчыларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилген.

  • дезинфекция чараларын күчөтүү, түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүү жана санитардык нормалардын аткаралышын көзөмөлдөө; 
  • базарлар 06:00дөн 15:00гө чейин, соода жайлары 07:00дөн 19:00гө чейин, кафе, ресторан жана башка тамактануучу жайлар 08:00дөн 21:00гө чейин иштемей болду; 
  • дүйшөмбү жана бейшембиде санитардык күнгө базарларды жабуу;
  • базарларда, тамак-аш тейлөө пунктуларында, коомдук транспортто рейддерди улантуу, эреже бузган учурларда катуу жазалоо;
  • коноктордун санына карабастан тойканалардын, караоке-клубдардын жана башка көңүл ачуучу жайлардын ишин токтото туруу;
  • Чүйдүн райондорунан Бишкекке жүргүнчү ташыган маршруттук каттамдарга чектөө киргизүү. Белгилүү убакытта эртең менен жана кечинде бир катташат;
  • дем алыш күндөрү шаарлар аралык жана шаар четиндеги аймактарда жүргүнчү ташыган транспорттун кыймылы токтойт;
  • Бишкекте жашап, бирок Чүйдө эмгектенген кызматкерлерди аралыктан иштетүү;
  • мамлекеттик уюмдун жетекчилери жумушчуларын кызматтык унаа менен алып келип, кайра жеткиргенге аракет кылышы керек. Ошондой эле дистанттык түрдө иштөөгө өтүү зарыл;
  • коронавирус жана пневмония менен жабыркагандарды дарылоо үчүн кошумча жайларды уюштуруп, 118 кызматынын тейлөө сапатын жакшыртуу тапшырылган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0