Бишкекте такси кызматынын дем алыш күндөрү иштөөсүнө кайра уруксат берилди

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүТакси. Архив
Такси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шаар ичине бир катар чектөөлөр киргизилип, коомдук транспорттун иш тартиби өзгөргөн. Таксиге да дем алыш күндөрү иштөөгө тыюу салынган болчу.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Көпчүлүктүн өтүнүчү менен такси кызматынын дем алыш күндөрү иштөөсүнө кайрадан уруксат берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Чүйдө транспорттун иш тартиби өзгөрүп, бир катар чектөөлөр кирди. Тизме

Эскерте кетсек, кечээ Бишкек мэри Азиз Суракматов элге кайрылып, коронавирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн бир катар чектөөлөр киргизиле турганын айткан. Коомдук транспорттун иш тартиби өзгөрүп, дем алыш күндөрү автобус, троллейбус менен бирге такси да токтомок. Бүгүн тиешелүү токтомго вице-мэр Татьяна Кузнецова өзгөртүү киргизген.

"Көпчүлүктүн кайрылуусу менен сунуштарын эске алып, такси кызматынын дем алыш күндөрү да иштөөсүнө уруксат берилди. Мында санитардык талаптар дыкат сакталышы керек. Сыркоолоп турган айдоочулардан ишке чыкпоосун өтүнөбүз. Ал эми рулга отурган айдоочулар сөзсүз бет кап тагынып, жанында антисептик болушу керек. Машинаны байма-бай желдетип туруу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия такси кызматын пайдаланчу жүргүнчүлөр да санитардык эрежелерди бекем сакташы кажет экенин эскертти.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0