Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар

© Фото / пресс-служба МИД КРБишкекке бүгүн Түркиядан Кыргызстандын 232и жараны келип түштү
Бишкекке бүгүн Түркиядан Кыргызстандын 232и жараны келип түштү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн келгендердин баары алгач тыкыр көзөмөлгө алынары жазылган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкекке бүгүн Түркиядан Кыргызстандын 232и жараны келип түштү. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Манас" эл аралык аэропортуна чартердик рейс менен Pegasus Airlines авиакомпаниясынын Стамбул — Бишкек каттамы менен 232 кыргызстандык кайтып келди, ичинде кичинекей балдар бар", — деп айтылган билдирүүдө.

Маалыматта тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн келгендердин баары алгач тыкыр көзөмөлгө алынары жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0