Ооруну бирге жеңебиз! Теңиртоолук медиктер Бишкекке келе жаткан видео

© Фото / Динара ЖунусоваНарын облусунун медицина кызматкерлери
Нарын облусунун медицина кызматкерлери  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов аймактардан келген 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер Бишкектеги ак халатчандарга көмөк көрсөтөрүн айткан болчу.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Нарын облусунун медицина кызматкерлери Бишкектеги эпидемиологиялык абалды жакшыртууга жардам берүү үчүн келе жатышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Өкүлчүлүктүн Facebook тармагына жүктөлгөн видеодо калаага сапар алган медиктер маршрутканын жанында туруп "биз илдетти бирге жеңебиз!" деп чогуу айтышканын көрүүгө болот.

Ибраеванын билдиришинче, Нарында беш район жана бир шаар болсо, ошонун бардыгынан 21 медик чогулган. Алардын коопсуздугу жана тез жетиши үчүн кайгуул милициясы коштоп кетти.

"Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан, Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор, Жумгал жана Нарын райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан жана аймактык ооруканалардан 21 медик чогулду. 17си бүгүн кетсе, эртең төртөө жол тартат. Жаштар жана орто курактагылар. Алар мурда кооптуу зонада иштешкен. Ак халатчандар өз каалоосу менен Бишкекке бара жатышат. Медиктерге ийгилик каалап, жакшы иштеп, дагы да тажрыйба топтоп келгиле дедик", — деп билдирди Ибраева.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары учурда Нарында эпидемиологиялык абал туруктуу экендигин, бирок ооруну жайылтпоо үчүн алдын алуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Боронов: ооруну жеңерибизге мен 100 пайыз ишенип турам, силер да ишенгиле!

Буга чейин Республикалык штабдын жыйынында өкмөт башчы Кубатбек Боронов аймактардан келген 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер Бишкектеги ак халатчандарга көмөк көрсөтөрүн айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0