Окуучулар. Архив

Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты

(жаңыланган 08:31 03.07.2020)
Учурда жаңы видеосабактардын планын иштеп чыгууга методисттер жана аны өтө турган мугалимдер бекитилди.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылына карата эки вариантты даярдап жатат. Биринчиси — балдардын мектепке барып билим алуусу, экинчиси — аралыктан окутуу. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова билдирди.

Анын айтымында, учурда жаңы видеосабактардын планын иштеп чыгууга методисттер жана аны өтө турган мугалимдер бекитилди.

"Аралыктан окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча тынбай жыйындар өтүп жатат. Окуучулар менен мугалимдин ортосунда кайтарым байланыш түзүү жана башка иштер каралууда. Быйыл биринчи жолу аралыктан окуттук, көптөгөн мугалимдер алгачкы ирет камеранын алдында иштеп кыйналды. Кээ бир райондордо телевидение жана интернет жок болуп жатты. Биз төртүнчү чейректен жыйынтык чыгардык, андагы каталарды оңдоого аракет кылабыз", — деди Кусеинова.

"Алтын тамга" аттестатын кайсы облустун бүтүрүүчүлөрү көп алды? Рейтинг

Ошондой эле ал мугалимдер видеосабактан негизги темаларды гана айтып беришерин, калганын мугалимдер тереңдетип түшүндүрүп бериши керектигин кошумчалады.

Белгилер:
билим берүү, окуучулар, мектеп
Тема боюнча
Билим берүү тармагынын маалымат чогулткан базасы жыл аягында ишке берилет
Покупатели оплачивают покупки в супермаркете. Архивное фото

Соода кылгандан кийин чекти ыргытпагыла! Юристтин маанилүү кеңеши

Юрист чекте адамдын аты-жөнү жана банктык картасынын акыркы сандары калып каларын, аны менен шылуундар акча алууну көздөй турганын айтты.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Соода кылгандан кийин чекти дароо ыргытып же кассага таштап салбаш керек. Аны алдамчылар пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новости юрист Егор Рединге шилтеме берип жазды.

Эксперттин айтымында, чек аркылуу адамдын аты-жөнүн, соода кылган картанын номеринин акыркы төрт санын билип алууга болот. Андан кийин шылуундар сиздин атыңыздан банкка кат жөнөтүп, акчаңызды уурдоого аракет кылышы мүмкүн.

"Ошондой эле алдамчы бул маалыматты колдонуу менен карта ээсин социалдык тармактардан таап, телефон номерин билип алат", — деп эскерткен Редин.

Алдамчылар дүкөндөн бонус топтойм деп чекти сурашат же акырын уурдап алышат. Андан кийин товарды коргоочу магнитинен ажыратып, көтөрүп кетишет. Кокус күзөтчү токтотуп калса башка эле бирөөнүн чегин көрсөтөт. Эгер товар карта менен төлөнсө шылуундар кайра сата алышат, ал эми акча менен төлөнсө кийимди чак келбей калды деп өткөрүп туруп акчасын алып алышат.

Белгилер:
алдамчылык, шылуун, соода, чек, юрист
Тема боюнча
Эксперт банктык карта ээлеринин эң көп кездешкен катачылыктарын атады
Жамгырдуу аба ырайы. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрель күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17..+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ошто +20...+22 градуска көтөрүлөт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Жайдагыдай ысыйт! Май айына карата аба ырайы