Бир суткада 23 адам пневмониядан каза болуп, жалпы саны 120га жетти

© AFP / JUSTIN SULLIVANОорукандагы бейтап. Архив
Оорукандагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Март айынан бери Кыргызстан боюнча пневмония оорусуна 2 508 адам чалдыккан, анын арасынан 664ү айыгып чыкты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алган (COVID-19 тастыкталбаган) 23 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда бул илдетке кабылган 1 724 бейтап ооруканада жатат. Анын ичнен 337 адамдын абалы оор, 112 киши реанимацияда.

Март айынан бери Кыргызстан боюнча пневмония оорусуна 2508 адам чалдыккан, анын арасынан 664ү айыгып чыкты.

Боронов: эртең Кытайдан учак менен 500 кычкылтек концентратору алып келинет

Жаңылыктар түрмөгү
0