Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди

© Фото / пресс-служба МИД КРРоссиядан КРдин 186 жараны атайын каттам менен алып келинди
Россиядан КРдин 186 жараны атайын каттам менен алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекенге кайткандардын ичинде кош бойлуу 19 аял, он бала, Сибирь ЖОЖдорунда билим алган 57 студент жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да бар.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Россиядан КРдин 186 жараны атайын каттам менен алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары бүгүн, 3-июлда, Новосибирск — Бишкек аба каттамы менен учуп келишти. Алардын арасында жашы жете элек балдар да бар.

"Кош бойлуу 19 аял, он бала, Сибирь ЖОЖдорунда билим алган 57 студент жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да келди. Кайтчулардын тизмесин КРдин Новосибриск шаарындагы консулдук түзгөн", — деп жазылат маалыматта.

Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди

Учуп келгендердин бардыгы тең карантиндик текшерүүлөрдөн өтүп, көзөмөлдө болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0