Акматова: бейтаптар оорукана эшигин каккылап жүрүп убакыт коротууда

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова. Архив
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Брифинг маалында модератор министрликтин өкүлүнөн: "Айрымдар түз эле ооруканага барып жатышат. Алгач жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылышы шартпы?" - деп сураган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бейтаптар алгач Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылбай, ар кайсы ооруканага барып убакыттан уттуруп жатат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда айтып берди.

Жыйын маалында модератор министрликтин өкүлүнөн: "Айрымдар түз эле ооруканага барып жатышат. Алгач жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылышы шартпы?" - деп сураган.

Акматова эпидемиологиялык кырдаал башталгандан бери алгоритм бир нече ирет өзгөргөнүн белгиледи. Азыр коронавирус менен пневмонияны оор көтөргөндөр ооруканага жаткырылса, симптому жоктор үйдөн консультация алат.

Өлкөдө дагы 506 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду

"Эгер кандайдыр бир симптомдор болсо, алгач 118 же 112 номерлерине чалуу керек. Алар мобилдик бригада жиберет. Атайын топ бейтаптын абалына жараша ооруканага алып кетет же Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна консультация алып туруу үчүн тапшырышат. Аталган борбор оорулууга көз салып турат, ошондой эле абалы начарлаган убакта стационарга жаткыруу чечимин кабыл алат", — деди Акматова.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жолдомосу жоктор ооруканага кандайча кабыл алынарын тактап сурады.

"Азыр ооруканага түз баргандар болуп жатат. Сураштыра келгенде көбү үйүндө дарыланып отуруп, илдетин өтүштүрүп жибергендер экен. Анан абал оорлошкондо ар кайсы медициналык жайды кыдырышат. Ортодон албай койгондор кездешет. Биринчиден, ал вирусту дарылаган оорукана эмес болушу мүмкүн же барганда орун калбай калат. Анан жол жүргөн ооруулунун абалы да ого бетер кыйындайт. Ошол себептен Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, мындай иштерди мобилдик топ уюштурганы жакшы. Бирок стационарга баргандарга сөзсүз жардам көрсөтүлөт", — деди Акматова.

Медиктердин абалын айткан жетекчи Акматова түз эфирде ыйлап жиберди. Видео

Республика боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 6 767ге жетти. Анын ичинен 2 655 киши айыгып, тилекке каршы, 76 бейтап көз жумду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0