Комада жаткан ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, эсине келе баштады

© Фото / Саламат ИмановЫрчы Асел Кадырбекова
Ырчы Асел Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстрада ырчысы комадан толук түрдө чыга элек. Буга чейин дарыгерлер Аселдин мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, тамак ичип калгандыгын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, Асел толук түрдө өзүнө келе элек.

“Комадан толук чыга элек. Аселди мурда түтүк менен тамактандырып жатканбыз. Азыр “тилиң, мурдуң кана?” деп сураганда көрсөтүп, кашык менен тамак берсек өзү жутуп калды. Буюрса жылыш бар”, — деди ал.

Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга иш козголуп, камакка алынмай болду

Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова жана экинчи машинадагы эки киши жабыркаган.

Буга чейин дарыгерлер ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0