Чүй: пневмония болгондорго 500дөй орун жетпей дагы жүздөгөн койка даярдалууда

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРПневмония менен ооругандарга койкалар
Пневмония менен ооругандарга койкалар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку учурларда өлкөнүн эки жеринде — Бишкек шаары менен Чүй облусунда коронавирус менен пневмонияга кабылгандар көбөйүп, абал жакшы эмес.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Чүй облусунда өпкөсү сезгенгендерди дарылоо үчүн жалпы 498 орун болсо, анда азыр 462 бейтап дарыланууда. Буга кошумча дагы 404 койка даярдалып жатканын өкмөттүнн облустагы өкүлүнүн аппарат жетекчиси Гульнура Мамбетисаева брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда 12 медициналык мекемеде коронавирус инфекциясы менен пневмонияны дарылоо жүрүп жатат. Мындан тышкары, жарандарга ыкчам түрдө алгачкы жардам берүү үчүн ар бир оорукананын алдында стационардык палатка пункттары даярдалган.

Пульмонолог: азыркы пневмония — COVID-19 вирусу чакырган илдет

"Саламаттык сактоо мекемелеринде 498 орун даярдалса, бүгүн ал жерде 462 бейтап жатат. Жакын арада дагы кошумча 404 орун берилет. Бул боюнча иш уланууда", — деди Мамбетисаева

Март айынан бери Кыргызстан боюнча пневмония оорусуна 2 508 адам чалдыккан, анын арасынан 664ү айыгып чыкты. Оорудан 120 киши көз жумду.

Ал эми республика боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 6 767ге жетти. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. Акыркы маалымат боюнча 638 бейтап стационарда дарыланып жатса, анын 19у реанимацияда.

"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды. Сүрөттөр

Үй карантининде 3 398 киши дарыланууда.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0