Президент медиктерди Манас ордени, Даңк медалы менен сыйлады

Жазылуу
Жээнбеков медиктерди COVID-19га каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн сыйлады.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн медицина кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, президент медиктерди COVID-19га каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн сыйлаган.

III даражадагы Манас ордени Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев менен Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Мариповго берилген.

Жээнбеков медиктерди куттуктады: ыраазымын, журт жүгүн көтөрүп жатасыңар

Ал эми Даңк медалы менен үч киши сыйланган. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык сыноолор борборунун башчысы Айгүл Жумаканова, Чүй облусунун Москва районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы Бегим Кабылова жана Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын гепатология бөлүмүнүн медайымы Гулийпа Мадраимова болду.

Ошондой эле бир нече медицина кызматкерине КРдин эмгек сиңирген дарыгери наамы менен Ардак грамота тапшырылган. Тизме менен кененирээк президенттин сайтынан таанышууга болот.

Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө

Кыргызстанды каптаган коронавирус медицина кызматкерлерине да жугууда. 3-июлга карата 73 медициналык кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ак халатчандар арасында 994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Мындан сырткары, бир нече дарыгер көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0