Ошто мечиттер жабылып, базарлар бир жумада эки күн тазаланат. Жаңы эрежелер

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы Сулайман-Тоо жанындагы карантинге жабылган мечит. Архив
Ош шаарындагы Сулайман-Тоо жанындагы карантинге жабылган мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коюлган талаптардын аткарылуусун көзөмөлдөө үчүн рейддер тынымсыз өткөрүлүп, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош шаарында акыркы кырдаалга байланыштуу бир канча чектөөлөр киргизилгенин Республикалык штаб билдирди.

Ош шаарынын борбордук базары, "Келечек", "Тешик-Таш" жана автоунаа тетиктерин саткан базарлар дүйшөмбү, бейшемби күндөрү иштебейт. Апта ичинде эки жолу дезинфекцияланат. Ал эми шаар аймагындагы кичи базарлар дүйшөмбү күндөрү дезинфекцияланып турушу шарт;

10-июлдан 31-июлга чейин Ош шаарындагы мечиттерде жума намазы окулбайт. Бул маселе вирусологдор жана шаар казысынын катышуусунда талкууланып, чечим кабыл алынды;

Эртеңден тарта Бишкек катаал карантиндик режимге өтөт. Чектөөлөрдүн тизмеси

Шаардагы эс алуу жайларындагы жана соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар, бильярд залдары, интернет клубдар, караоке залдары, түнкү клуб жана бассейндердин иштөөсүнө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды;

Ош шаарында той-мааракелерди өткөрүүгө белгисиз мөөнөткө чейин чектөө киргизилди. Эрежеге баш ийбеген кафе-ресторандарга айып пул салынып, бир айга чейин иштөөгө уруксат берилбейт. Той-мааракелер жеке турак үйлөрдө дагы өткөрүлбөшү керек.

Жогорудагы талаптардын аткарылуусун көзөмөлдөө үчүн рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Коронавирус боюнча кырдаал

Республика боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 6 767ге жетти. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. Акыркы маалымат боюнча, 638 бейтап стационарда дарыланып жатса, анын 19у реанимацияда. Ал эми үй карантининде 3 398 киши дарыланууда.

Ошто COVID-19 кооптуулугунан улам милиция 20 тилемчини кармады

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусунан март айынан бери 120 адам каза тапты. Учурда бул илдетке кабылган 1 724 бейтап ооруканада жатат. Анын ичинен 337 адамдын абалы оор, 112 киши реанимацияда.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0