Белглиүү дарыгер Сабырбек Жумабеков

Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды

6068
(жаңыланган 20:36 03.07.2020)
Республика боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 6 767ге жетти. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. Акыркы маалымат боюнча, 638 бейтап стационарда дарыланып жатса, анын 19у реанимацияда. Ал эми үй карантининде 3 398 киши дарыланууда.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабеков жеке баракчасы аркылуу Кыргызстандын олигархтарына кайрылып, жардам сурады.

Белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабеков жеке баракчасы аркылуу Кыргызстандын олигархтарына кайрылып, жардам сурады

Анын айтымында, учурда эуфиллин, дексаметазон, адреналин, гепарин, фраксипарин, кальций глюконат, анальгин, димедрол, диклофенак, кетонал сыяктуу дарылар жетишсиз болууда.

"Урматтуу бизнесмендер, олигархтар, өлкөдө көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөш жүрүп жатат. Бир күндө болжол менен дарылоого муктаж миңдей бейтап кайрылууда. Өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги "Ганси" базасында 1000ден ашуун орун даярдады. Министрлик дары-дармекти тийиштүү көлөмдө алууга жетишпей жатат. Мындан улам биз, медиктер, сиздерден жардам сурайбыз. Дары-дармек, оксигенератор сыяктуу медициналык жабдуу керек (оксигенератор — катетердин жардамы менен бейтапка кычкылтек берилчү аппарат — ред.). Эуфилин, дексаметазон, адреналин, гепарин, фраксипарин, кальций глюконат, анальгин, димедрол, диклофенак, кетонал, шприцтер жетишсиз. Кан куюучу система, спирттелген кол аарчылар, коргоочу костюмдар, көз айнек зарыл болуп турат", — деп жазган Жумабеков.

Дарыгер жардам боюнча жооптуу куратор деп Чыңгыз Нарынбаевди көрсөтүп, телефон номерин (0 706 203 021) кошо жарыялаган.

Коронавирус боюнча кырдаал

Республика боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 6 767ге жетти. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. Акыркы маалымат боюнча, 638 бейтап стационарда дарыланып жатса, анын 19у реанимацияда. Ал эми үй карантининде 3 398 киши дарыланууда.

Жумабеков: пневмонияны дарылоого "Гансиде" 200 орун даярдадык

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусунан март айынан бери 120 адам каза тапты. Учурда бул илдетке кабылган 1 724 бейтап ооруканада жатат. Анын ичинен 337 адамдын абалы оор, 112 киши реанимацияда.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

6068
Белгилер:
пневмония, коронавирус, бейтап, система, дары-дармек, бизнесмен, жардам, Сабырбек Жумабеков
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2759)
Тема боюнча
Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек

Күн күркүрөп, чагылган чартылдап... Түнкү жарышта чуркаган жөө күлүктөр. Видео

12
(жаңыланган 01:16 20.06.2021)
Бүгүн спорт ышкыбоздору үчүн чоң майрам болду. Борбор калаада жыл сайын өтүүчү Toyboss Night Run 2021 жарышы өтүп, көпчүлүккө жагымдуу маанай тартуулады.

Жарыш 5, 10 жана 21,1 чакырымдык үч дистанцияда өттү. Кечки саат 9да башталган иш-чараны эң узак аралыкка чуркоочулар баштап берди. Жаңырган музыка, жолду бойлой суу, банан сунуштап турган уюштуруучулар жөө күлүктөргө дем берип, колдоо көрсөтүп жатышты.

Күндүн көзү бузулуп, жаан жаап, күн күркүрөп, чагылгандын чартылдашы да катышуучуларга жолтоо боло алган жок.

Милиция кызматкерлери жол кыймылын тескеп турса, жөө күлүктөрдүн саламаттыгына кооптуулук жаралып калса деп тез жардам унаасы да нөөмөттө болду.

Марага келген ар бир катышуучу медаль тагынды.

12
Белгилер:
Бишкек, жөө күлүк, жарыш
Тема боюнча
Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт
Бишкектеги түнкү жарыш. Архивдик сүрөт

Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт

95
(жаңыланган 22:29 19.06.2021)
Башында мелдеште 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды.

  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Участники забега Toyboss Night Run 2021 в Бишкеке
    Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 4
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды

Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт.

Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.

Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда. Баш калаада жарыш үчүнчү ирет өтүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, быйылкы жарышта катышуучулардан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кара-Балтадагы Улуттук Кызыл Ай коомунун балдар кризистик борборуна берилет. Аталган жайда эки жаштан 18 жашка чейинки 25 бала жашайт. Алар жетим балдар, мигранттардын балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп саналат.

Спорттук иш-чарада каалоочулар футболка, рюкзак сатып алып же диагностикадан өтүп балдар борборуна жардам бере алышат.

95
Белгилер:
спорт, жарыш, Бишкек
Тема боюнча
Көпкө күттүргөн жарыш. "Жаз деми" марафонунан видео