Өлкөдө дагы 327 адамдан коронавирус чыкты

© AFP / RONALDO SCHEMIDTКоронавируска анализ жүргүзүп жаткан лаборатория кызматкери
Коронавируска анализ жүргүзүп жаткан лаборатория кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда учурда эпидемиологиялык кырдаал оорлоп, Бишкек шаары менен Чүй облусунда ооругандар менен көз жумгандар көп болууда.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында дагы 327 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Аларды аймактар боюнча карай келгенде төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары — 149;
  • Чүй облусу — 65
  • Ош шаары — 45;
  • Ош облусу — 8;
  • Нарын облусу — 22;
  • Жалал-Абад облусу — 8;
  • Талас облусу — 1;
  • Баткен облусу — 12;
  • Ысык-Көл облусу — 17.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 7094 киши коронавирус жуктуруп алды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0