Азайбай койду. Дагы 71 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

© AP Photo / Pavel GolovkinМедицина кызматкери. Архив
Медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир сутка ичинде алты дарыгер айыгып чыккан. COVID жуктуруп алган медиктердин жалпы саны 1065ке жетти.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бир суткада 71 дарыгердин коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы тастыкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан отуз эки, Ош шаарынан төрт, Чүй облусунан он тогуз, Ош облусунан төрт, Жалал-Абад, Нарын облустарынан экиден, Баткен облусунан үч, Ысык-Көл облусунан беш ак халатчандан коронавирус табылды.

Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды

Андан сырткары, бир сутка ичинде алты дарыгер сакайды. Жалпы 1065 медицина кызматкери COVID-19ду жуктурган, алардын 490у айыгып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0