Дарыгер. Архив

Кырдаал оор экен. Россиялык эксперттер ооруканаларга барып, КРдеги абалга баа берди

1307
(жаңыланган 13:38 04.07.2020)
Россиялык адистер кыргыз дарыгерлерге илдетке кабылгандарды дарылоо, ооруканалардагы "таза" жана "кир" деп бөлүнгөн аймактарды уюштуруу боюнча кеңештерин берди.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы абал бир топ оор, жаштар абдан көп ооруп жатыптыр деп айтты Бишкекке келген Россиянын А.Н. Бакулев атындагы Кардиохирургия клиникасынын башчысынын милдетин аткаруучу Елена Голухова.

Роспотребнадзор менен Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинен турган адистер Бишкекке 2-июлда учуп келген. Делегациянын курамына кесипкөй 10 адис кирген.

Алар ишке киришип жана Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине тест-системаларды беришти. Бригада коронавирус жана пневмонияга чалдыккандар жаткан үч ооруканада болгон.

Россиядан келген дарыгерлер ишке киришип, тест-система беришти. Сүрөт

Голухова алар Кыргызстандагы учурдагы абалга баа берүү үчүн келгендиктерин айтты.

"Россияга караганда Кыргызстанда абал бир топ оор экен, көп адам ооруга чалдыгыптыр, арасында жаштар көп экен. Биз коронавирус жана пневмонияга кабылгандар жаткан үч клиникага бардык", — деди врач.

Россиялык дарыгерлер кыргызстандык кесиптештерине "таза" жана "кир" деп бөлүнгөн аймактардын талабын сактоо, өпкөнү жасалма дем алдыруучу инвазивдүү жана инвазивдүү эмес ыкмаларды колдонуу боюнча бир топ кеп-кеңештерди берген. Андан сырткары коронавирустун алдын алуу боюнча да бир топ сунуштар айтылган.

Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

1307
Белгилер:
дарыгерлер, кырдаал, оорукана, коронавирус, кеңеш, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2063)
Тема боюнча
Азайбай койду. Дагы 71 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды
Ооругандарга салыштырмалуу аз... Коронавирустан 59 бейтап айыкты
Өзбекстан Кыргызстанга учак менен 8 тонна гуманитардык жардам алып келди. Сүрөт
Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасында

"Колдоо керек". Чолпонаталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

35
(жаңыланган 16:41 04.08.2020)
Дарыгерлер президент менен жолугушууда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин айтышты.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 7
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат
"Аталган оорукана 1986-жылы курулгандан тартып жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратына капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө имараттын 15 орундуу бир канаты гана иштейт. Оңдолгондон кийин 100 орунга чейин кеңейтилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады. Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сооронбай Жээнбеков ознакомился с ходом реконструкции Иссык-Кульской больницы

Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сооронбай Жээнбеков ознакомился с ходом реконструкции Иссык-Кульской больницы

Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады.

Министрлик: Ысык-Көлгө эл агылган сайын вирус күч алууда

Жээнбеков өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө болоорун айтты.

"Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат. Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин оюмда", — деди президент.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди.

Анын айтымында, медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү.

35
Белгилер:
айлык-акы, оорукана, дарыгер, медицина, Сооронбай Жээнбеков, Ысык-Көл
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2063)
Тема боюнча
Көлдө көбүрөөк. Өткөн суткада 25 медиктен COVID табылды
Медициналык кызматкерлер. Архив

Медиктерге июль айында 396 млн сом компенсация бөлүнгөн. Облус боюнча тизме

15
(жаңыланган 16:17 04.08.2020)
Өткөн айда ак халатчандарга компенсация катары бөлүнгөн каражаттын көп бөлүгүн Бишкек менен Ош облусунун кызматкерлери алышкан.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду июль айында коронавируска каршы турган медиктерге компенсация катары 396 миллион 060 миң сом бөлгөн. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Компенсация облустар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Бишкектеги 3 469 медкызматкерге 103 миллион 5835 сом; 
  • Таластагы 11 саламаттык сактоо мекемесинин 889 кызматкерине 15 миллион 274  сом;
  • Ош шаары менен Ош облусундагы 31 медикке 72 миллион 451 миң  881 сом;
  • Нарындагы 12 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 20 миллион сом;
  • Ысык-Көлдө 28 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 миллион 505 миң 397 сом;
  • Баткендеги 16 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 15 миллион 496 миң сом; 

Нарында медиктердин акысы толук берилбей калдыбы? Штабдын жообу

  • Чүй облусундагы 24 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 38 миллион 915 миң 700 сом; 
  • Жалал-Абад облусундагы 31 саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлерине 36 миллион 080 миң сом;

Төлөмдөрдү берүү дагы улантылып жатканы айтылды.

15
Белгилер:
медик, компенсация, төлөм, фонд, милдеттүү медициналык камсыздандыруу, штаб
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2063)
Тема боюнча
Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты