6000ге чейин адамды тейлейт дешти. Бишкекте ачылып жаткан төрт стационардын дареги

Жазылуу
Буга чейин ал жайларда орточо абалдагы жарандар текшерилип, укол алып кечинде үйүнө кете берери жана анын жанына дарыканалар уюштурулары айтылган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында 200 орунга эсептелген күндүзгү медициналык төрт стационардык борбор ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Боронов айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Учурда ооруканага жата албай калган адамдар өтө көп. Алар оор абалдагы бейтаптардан бошобой жатат. Бирок оорунун алгачкы белгилери байкалган жарандар бар. Үйдө жатып алар оорусун күчөтүп албашы керек. Баары өз убагында медициналык жардам алуусу үчүн шаардык муниципалитеттин күчү менен борбор калаанын төрт районунда стационардык борборлор ачылат. Мында тажрыйбалуу дарыгерлер нөөмөткө туруп, консультация берип, зарыл процедураларды жасашат", —  деген Боронов.

Маалыматка ылайык, атайын уюштурулган ал жайларга күндүз кызмат көрсөтүп, сасык тумоонун (ОРВИ) орточо жана жеңил түрүнө, пневмония менен ооруган бейтаптарга ак халатчандар кеңеш берет.

Ишке кире турган борбордун даректери:

  • Ленин району – "Газпром" Ден соолукту чыңдоочу комплекси (Жайыл баатыр көч., 66)
  • Биринчи май району – Кожомкул атындагы Спорт сарайынын имараты
  • Свердлов району – Санатбаев атындагы Ден соолукту чыңдоочу комплекс (Чыгыш-5 кичи району)
  • Октябрь району – Чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Түштүк магистраль)

Өзбекстан Кыргызстанга учак менен 8 тонна гуманитардык жардам алып келди. Сүрөт

Өкмөт башчы айткандай, ар бир стационардык борбор 200 орунга эсептелген.

"Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлешет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт. Адистер курч респиратордук вирустук инфекциянын, пневмониянын же сасык тумоонун биринчи белгилери пайда болгон жарандарга ушул убактылуу медициналык борборлорго кайрылууну сунушташат", —  деген өкмөт башчы.

Буга чейин ал жайларда орточо абалдагы жарандар текшерилип, укол алып кечинде үйүнө кете берери жана анын жанына дарыканалар уюштурулаары айтылган.

Коронавирус боюнча кырдаал

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0