Бүгүн Түркиядан 237 кыргызстандык мекенине алып келинди

© Фото / пресс-служба МИД КРБүгүн чартердик каттам менен Түркиядан 237 кыргызстандык Бишкекке алып келинди
Бүгүн чартердик каттам менен Түркиядан 237 кыргызстандык Бишкекке алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды мекенине алып келүү иштери мындан ары дагы уланарына убада берди.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бүгүн чартердик каттам менен Түркиядан 237 кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекендештер Pegasus Airlines авиакомпаниясынын учагы менен Стамбулдан келишкени айтылат.

Аталган каттам эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин макулдашуусунун негизинде жүзөгө ашырылганы белгиленди.

ТИМ Кытайдан келе албай жаткан кыргызстандыктар боюнча үн катты

Маалыматта тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн келгендердин баары алгач тыкыр көзөмөлгө алынары жазылган. ТИМ чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды мекенине алып келүү иштери мындан ары дагы уланарына убада берди.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0