Ош: кыз узатуу тою өткөн ресторан жабылып, 13 миң сом айып салынды

© Фото / Pixabay/ StockSnapҮйлөнүү-үлпөтү. Архив
Үйлөнүү-үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда учурда бир нече аймактарда, анын ичинен Ош облусунда да тойканалардын иштешине тыюу салынган. Ага коронавирустун жайылып кетиши себеп болууда.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Баястан" ресторанында кыз узатуу тою болуп, ээсине 13 миң сом айып салынды деп билдирди Ош облусунун ИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев.

Эске салсак, учурдагы коронавирус пандемиясынан улам тойканалардын иштешине да тыюу салынган.

"Ресторанда өткөрүлүп жаткан кыз узатуу аземинде 60 адам бар экени аныкталган. Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жана райондук санэпидемстанциянын өкүлү тарабынан "Баястан" ресторанынын администрациясына 13 000 сом айып пул салынып, ресторандын иши 15 күнгө карантинге жабылды", — деп билдирди Аширбаев.

Жээнбеков: бул кыянатчылык, тойлорго расмий тыюу салууга убакыт келди

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0