Акысын төлөп беребиз! Ош шаары медиктерди жардамга чакырууда

© AP Photo / Pavel GolovkinДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер дээрлик төрт айдан бери күчөтүлгөн режимде иштеп, айрымдары ооруп калгандыктан адистер тартыш болууда.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ош шаарында COVID-19 инфекциясына байланыштуу абал оорлоп бараткандыгынан улам ыктыярчы дарыгерлерди жардамга чакырабыз. Мындай билдирүү менен калаа мэриясы ак халатчандарга кайрылды.

Маалыматта март айынан бери медицина кызматкерлери, эпидемиологдор күчөтүлгөн режимде иштеп, айрымдары оору жугузуп алгандыктан медиктер тартыш болуп жатканы айтылат.

Азайбай койду. Дагы 71 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

"Биз кайдыгер эмес жогорку, орто билимдүү жана тажрыйбасы бар медицина кызматкерлерин, ординаторлордун жардамга келишин өтүнөбүз", — деп жазылат кайрылууда.

Өз ыктыяры менен иштөөнү каалаган адистер Ош шаардык ооруканасы менен келишим түзүп, айлык акысы төлөнөт.

Байланыш телефондору: (0772) 45 49 49, (0550) 29 26 24

Жаңылыктар түрмөгү
0