Чолпон Баекованын уулу каза болду

© AFP / PEDRO PARDOОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айбек Баеков — мурда Баш прокурор жана Конституциялык соттун төрайымы, андан сырткары ЖКнын биринчи вице-спикери болгон Чолпон Баекованын уулу.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. ИИМдин Октябрь райондук Күзөт кызматынын күзөт бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Баеков каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Баеков 50 жашта эле. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, пневмониядан каза болду деп айтылат.

Айбек Баеков — мурда Баш прокурор жана Конституциялык соттун төрайымы, андан сырткары ЖКнын биринчи вице-спикери болгон Чолпон Баекованын уулу.

Эске салсак, Кыргызстанда учурда COVID инфекциясын жуктуруп алган жана пневмонияга кабылгандар арбыды. Өткөн суткада бул эки илдеттен 33 адам каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0