Коронавирустан өткөн суткада 10 киши өтүп кетти

© AFP / Go NakamuraОоруканада дарыгер бейтапты текшерип жатат. Архив
Ооруканада дарыгер бейтапты текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү статистиканы кошкондо, өлкөдө COVID-19 жугузуп алып каза болгон кишилердин саны 88ге жетти.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 10 бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, төрт бейтап Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканадан каза тапкан. Алар 64, 66, 69 жаштагы эркектер жана 64 жаштагы аял киши.

Ошондой эле Ноокат аймактык ооруканасынан 60 жаштагы эркек киши, Жайыл аймактык ооруканасынан 80 жаштагы аял, Москва аймактык ооруканасынан 35 жаштагы эркек жана Токмок аймактык ооруканасынан 59 жаштагы аял каза болгон.

Бүгүн Кыргызстанда дагы 283 адам коронавирус жуктуруп алды

Мындан тышкары, Ысык-Ата аймактык ооруканасынан 62 жаштагы аял жана Кочкор аймактык ооруканасынан 81 жаштагы эркек киши көз жумган.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жугузуп алып каза болгондордун саны 88 кишиге жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0