Профессор: узакка созулган жалпы карантин саламаттык сактоо тармагын талкалайт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профессор Эйдельмандын айтымында, коронавируска каршы коопсуз делген вакцинаны массалык түрдө чыгаруу 2021-жылдын ортосунан эрте болбойт.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Өлкөлөр боюнча жалпы киргизилген карантиндер саламаттык сактоо системасын талкалайт. Бул тууралуу РИА Новостиге дүйнөлүк WMA медициналык дарыгерлер биримдигинин мурдагы жетекчиси, израилдик дарыгер, профессор Леонид Эйдельман айтып берген. 

Анын пикиринде, коронавируска каршы коопсуз делген вакцинаны массалык түрдө чыгаруу 2021-жылдын ортосунан эрте болбойт. Ошондуктан мамлекеттер кыска мөөнөттүү жана жергиликтүү карантинди киргизип турушу зарыл.

Россияда COVID-19га каршы вакцинаны сайдыргандардын абалы айтылды

"Карантин экономикалык кризиске алып барат. Анын кедергиси саламаттык сактоо тармагына да тийип, каржылоо азаят. Ооруканаларда кезек көбөйүп, дары кымбаттайт. Вирус миллиондогон адамдын ден соолугун талкалап, алигече мизин кайтара элек. Ушул жылдын этегине чейин, балким кийинки жылдары улам бир жерде очогу чыга берет. Эл бул жылы вакцина болот дегенге абдан үмүт артып алды. Бирок өмүргө коопсуз жана массалык түрдө жете турчу вакцина быйыл болбой калышы толук мүмкүн", — деген Эйдельман.

5-июль, эртең мененки маалыматка ылайык, жер жүзү боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 11 240 943кө жетип, айыккандар 6 миллионго чукулдады, 530 137 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0