Өткөн суткада 32 медик коронавирус жуктуруп алган

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив
 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 1 097 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 500 медик айыгып чыккан.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 32 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

  • Бишкек шаары – 11; 
  • Чүй облусунда – 9;
  • Ош шаары – 2;
  • Ош облусунда – 2;
  • Нарын облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 5.

Ал эми бир суткада 10 медик ооруканалардан айыгып чыкты.

Коронавирустан өткөн суткада 10 киши өтүп кетти

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 1097 учур катталды, алардын ичинен 500 медик стационарлардан айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0