Көбү Бишкектен. Суткада пневмониядан дагы 26 киши каза болду

© REUTERS / Ricardo MoraesМедицина кызматкерлери бейтапты текшерип жатышат. Архив
Медицина кызматкерлери бейтапты текшерип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өпкөсү жабыркап каза болгондордун 17си Бишкектен, калганы аймактар боюнча катталган. Жалпы көз жумгандардын саны 177ге жетти.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде пневмониядан 26 бейтап каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, каза болгондордун 17си Бишкектен, калган тогузу аймактар боюнча катталган.

Коронавирустан өткөн суткада 10 киши өтүп кетти

Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун саны 177 адамга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0