Канат Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жашында көз жумду

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Канат Исаев. Архив
Депутат Канат Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын апасы өмүрүнүн соңуна чейин мугалимдик кесипти аркалап, физика-математика сабагынан билим берген. Жети баласы, 23 небереси, 14 чөбөрөсү бар.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жаш курагында дүйнө cалды. Бул маалыматты Sputnik агенттигине Исаевдин жардамчысы тастыктады.

Анын айтымында, эл өкүлүнүн апасы кечээ каза болгон. Бирок өлүмүнүн себеби айтылган жок. Тажиясы эртең, 6-июлда, Чүй районунун Кошой айылында болору белгиленди.

Асымбүбү Ташыбаева 1941-жылы 12-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. Ал өмүрүнүн соңуна чейин мугалимдик кесипти аркалап, 50 жылдан ашык физика-математика сабагынан балдарга билим берди. Ташыбаева "Баатыр эне" ордени менен сыйланган, эл агартуучунун төш белгисине ошондой эле КРдин эмгек сиңирген мугалими наамына татыган. Жети баласы, 23 небереси, 14 чөбөрөсү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0