Кыргызстандык ишкер, туристтик компаниянын ээси Салтанат Берестова

Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги

1624
(жаңыланган 14:32 05.07.2020)
Короодо ойгоо жан жокпу деп терезеден шыкаалаган жаш келин эч ким жокто жетишейин деп колундагы токоч салынган табагы менен дүкөндү көздөй чуркады.

Токочторун дүкөнгө өткөрүп жатканын эл билип калат деп саксактайт. Кызынын жалаягына да акча жеткире албагандыктан токоч жасап сатууга аргасыз...

Салтанат Берестова азыр туристтик компаниянын ээси, дүйнөнү кыдырып, президент Жээнбеков менен сүрөткө да түшөт. Ал эми бир топ жыл мурун ал кыйын абалга тушуккан эле. Жолдошунун иши жүрүшпөй, Салтанат ымыркайы менен колунда акчасы жок калат.

Таржымалы дегеле кызык, кайсы бир убакта Салтанат кыргыз тили мугалими болчу. Бирок бир жолу саякатка чыгып келгенден кийин башкача жашоону чечкен.

— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

— Ысык-Көлдө, тоо койнунда чоңойгом. Алты айлык кезимде ата-энем мени айылга чоң ата-чоң апамдын колуна берет. Ушул үчүн узак жылдар бою апама таарынып жүрдүм. Мени аларга анчалык жакшы көрбөгөнү үчүн берип салгандай туюлчу.

Кыздуу болгондо гана баарын аңдап, апамдан кечирим сурагам. Өзүм да көп иштөөгө аргасыз болдум, ушундан улам балама жетишерлик убакыт бөлө албай жүрдүм. Кээде кызым: "Апа, кел, сенин жумушуңду дүкөнгө сатып салабыз", — дечү.

Владелица туристической компании, предприниматель Салтанат Берестова
© Фото / предоставлено Салтанат Берестовой
Кыргызстандык ишкер, туристтик компаниянын ээси Салтанат Берестова: негизинен мугалимдерди күйөөлөрү багат. Эгер кошумча бизнесиңиз болбосо, мектепте иштөө менен үй-бүлөнү камсыздоо мүмкүн эмес.

— Мугалимдик кесипти тандооңузга эмне түрткү болду? Бул аты улук, супарасы курук кесип го?..

— Мен чечкен эмесмин. Апам өмүр бою мугалим болуп иштегендиктен, өзү эле менин документтеримди педагогикалык окуу жайга алпарган. Ошентип кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп калгам, ал түгүл университетти артыкчылык менен аяктагам.

— Сиз №70 мектепте иштеген экенсиз, бул борбор калаадагы мыкты деп саналган мектептердин бири. Андай мектептердин мугалимдерине бай ата-энелердин балдары көбүнесе баш бербей, педагогдорду басынтарын да уккам.

— Окуучунун: "Салтанат Канатбековна, сизди жеткирип коеюнбу? Айдоочум келди", — деген учур болгон. Бирок чоң деле көйгөй болгон жок. Балким, 5-класстарга гана сабак бергенимден уламдыр, сиз айткан нерселер улуураак класстарда кездешет. Кандай болсо да мен балдардын арзуусуна татууга аракет кылчумун. Бул абдан мыкты гимназия, ал жакта иштөө абдан жагымдуу болчу.

— Кыргызстандык мугалимдер маянасына жөн эле даттанышат. Алардын үстөк акчасы, сый акы, кошумча сабактар үчүн төлөмдөрү бар, жыйынтыгында жакшы эле сумма чыгары туурасына имиштер жүрөт.

— Жок, негизинен айрым мугалимдерди күйөөлөрү багат. Эгер кошумча бизнесиңиз болбосо, мектепте иштөө менен үй-бүлөнү камсыздоо мүмкүн эмес.

Владелица туристической компании, предприниматель Салтанат Берестова
© Фото / предоставлено Салтанат Берестовой
Салтанат Берестова: Жолдошума жардамдашып жүрүп эле виза жасатканды өздөштүрүп алдым. Биздин паспортко бөлөк өлкөлөрдө абдан тыкыр карашат, себеби туристтик виза менен барып, ал жакта иштеп калышат.

— Эмнеге мектептен кетип калдыңыз?

— Университетке кыргыз тили боюнча окутуучу болуп кеттим. Биздин жаштар өз тилин билсе дечүмүн. Эмнегедир бул багыттагы аракеттерге карабай, көпчүлүгү үйрөнүп кете алышпады. Балким каалоосу жоктур...

Бир кыргыз жигит эсимден кетпейт, сабакты көп калтырчу. "Кыргызча сүйлөгүм келбейт, мага эмне пайдасы бар? Кыргыз тилинде айылдыктар сүйлөйт, мен шаардыкмын", – деди бир күнү. Көпкө баарлаштык, анан тил табыштык. Ошол студент сабак калтырбай келчү болду. Бир жолкусунда: "Эже, анекдот айтып берейинби? Кыргызча?" — дебеспи. Отуруп алып айтып берди.

Көзүм көрбөй каларын билгем. Ишкерликке кадам таштаган Матлюба менен маек

Бир жолу келип, сүйлөшкүсү келгенин айтты, бирок баш тартып койгом. Кантсе да мен окутуучумун, студенттер менен мамиледе сыйды сактоого тийишмин... Азыркыга чейин аны менен сүйлөшпөй койгонума өкүнөм. Жанын кыйган экен. Бул окуяны эч качан унутпайм го.

— Университеттен эмнеге кетип калдыңыз?

— Европага барып келдим, башка жашоону көрдүм. Анан окутуучу болгум келбегенин түшүндүм. Кесиптештерим телефон чалып: "Салтанат, азыр иштен кетип калсаң, эч ким сени кайра жумушка албайт!" – дешти. Кайткым деле келген жок...

Владелица туристической компании, предприниматель Салтанат Берестова
© Фото / предоставлено Салтанат Берестовой
Туристтик компаниянын ээси Салтанат Берестова: Ушул тапта Бишкекте виза алууга жардамдашкан фирмалар арбын. Бирок документтерди толтурууда ката кетирген тажрыйбасыз ишканалар бар. Меники дайым "тегиз" өтөт.

— Эмне менен алектене баштадыңыз?

— Жолдошума кол кабыш кылдым. Ал Литва жана Германиядан автомобиль алып келчү, мен аларды унаа базарында сатчумун... Бала кезде 7-класста окуп жүргөнүмдө бир окуя болгон. Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар базарга чыгып, эс алуучуларга өз бакчаларынан топтогон жашылча-жемишти сатышчу. Алар ушинтип акча таап, балдарын мектепке даярдашар эле.

Ата-энем мени да базарга эки чака карагат менен алып келишти. Менин катарымда классташ кызым өрүк сатып жатыптыр. Аны сатып алуучулар тегеректейт, анткени ал: "Өрүк алгыла, эң сонун, жаңы топтолгон!" – деп кыйкырат. Мен эмне кылдым дебейсиздерби? Бир нерсе саткандан уялып, ата-энем жанымдан узап кеткенде карагат салынган чакалардан алыстадым. Ал жакта жөн эле тургандай көрүнсүн дедим го кыязы.

Италияда киши баккандар келин сыяктуу эле кызмат кылат. Ишкер Автандилова менен маек

Ата-энем келип, эч нерсе сата албаганымды көрүштү. Ошондон соң ата-энем соода-сатыкка жөндөмүм жок экенин ойлоп калышкан... Андан бир топ жыл өткөндөн кийин авторынокто унаа сатууга туура келди, бирок бала кездегидей тартынмай жок. Үй-бүлө күтүп калганда бардык күчүң менен ага пайдалуу болгуң келип калат турбайбы. Уялууну да ойлобойсуң. Рынокту толук изилдедим, бажыканадагылар да мени жакшы таанып калышты.

— Туризм жаатына кандайча ыктадыңыз?

— Жолдошум Европага иштегиси келген досторуна документ жагынан көмөктөшөр эле. Документация иши ал үчүн татаал болчу, ал эми мага кыйынчылык деле туудурбайт. Анткени Билим берүү академиясында канцелярияны жетектегем, тажрыйбам бар.

Жолдошума жардамдашып жүрүп эле виза жасатканды өздөштүрүп алдым. Биздин паспортко бөлөк өлкөлөрдө абдан тыкыр карашат, себеби туристтик виза менен барып, ал жакта иштеп калышат. Ошондуктан документтерди өзгөчө кылдат даярдоо абзел.

Ушул тапта Бишкекте виза алууга жардамдашкан фирмалар арбын. Бирок документтерди толтурууда ката кетирген тажрыйбасыз ишканалар бар. Меники дайым "тегиз" өтөт. Азыр эми туристтик жана транспорттук компаниям бар.

Владелица туристической компании, предприниматель Салтанат Берестова
© Фото / предоставлено Салтанат Берестовой
Салтанат Берестова: Кошуналардын көзүнө илинбейин деп таң заарда чыгып, токоч тизилген табакты павильонго жеткирем. Ошентип алектенгениме, ымыркайымдын жалаягына акчамдын жоктугуна уялчумун.

— Айтсаңыз, жашооңуздагы кайсы убакты эң кыйын кезең дейт элеңиз?

— Кош бойлуу болгончо жакшы акча тапчумун, чыпчыргасын коротпой күйөөмө жөнөтчүмүн. Ал биздин кирешебизди арбытат деп ойлогом. Боюма бүткөн жылы биз көп акча жоготтук. Мисалы, жолдошум сегиз миң долларлык автомобилди алдын ала миң доллар гана алып, досуна каттатып коет. Ошентип кыйынчылыктын башы башталат да, жалпысынан 30 миң доллардын тегерегиндеги каражаттан кол жуудук.

Ымыркайына керек, бирок коомго пайдасыз байкуш энеге айланып калдым. Улам кичинеден акча топтой бербегениме өкүндүм. Бир жолу эжемден карызга акча сурасам, суммасы чакан болсо деле бербей койду. "Сен бала менен отурасың го, кантип кайтарасың?" – деди. Ошондо катуу таарынсам да азыр ага ырахмат айтам. Анткени ошол ыза мага күч берип, алдыга жылдырган.

Колу-бутуман ажыраганыма өкүнбөйм. Павлония багын өстүргөн Монкоев менен маек

Бир ирет куймак куюп жатып, сатуу үчүн да жасап, короодогу павильонго өткөрсөм болобу деген ой келди. Сатуучу менен сүйлөшсөм, ал: "Куймак сатуу пайдасыз, алар тез бузулат, сатып алгандар да аз. Андан көрө токоч жакшы өтөт", – деди. Кайненем мурда кафени жетектеген, тамакты жакшы жасайт. Чогуу токоч жасоону сунуштадым.

Ошентип бул ишке кириштик... Кошуналардын көзүнө илинбейин деп таң заарда чыгып, токоч тизилген табакты павильонго жеткирем. Ошентип алектенгениме, ымыркайымдын жалаягына акчамдын жоктугуна уялчумун. Ак эмгектен уялуунун кереги жоктугун кийин түшүндүм. Ошентсе да мурдагы кардарларымдын бири телефон чалып, жумушка чакырганда абдан сүйүнгөм.

— Аялдары декреттен жумушка чыгарда күйөөлөрү каршы чыгат. Сиздин үй-бүлөңүздө андай көйгөй жаралган жокпу?

— Жолдошум үйдө бала менен отурганыма көнүп калыптыр, ага кыйын болду. Адегенде жолтоо болгусу келди, бирок ал аракети мени кайра шыктандырды. Себеби максатыңды ишке ашырууга бараткан жолдо сөзсүз кандайдыр бир тоскоолдуктарды жеңүүгө туура келет. Бул табияттын мыйзамы.

Владелица туристической компании, предприниматель Салтанат Берестова
© Фото / предоставлено Салтанат Берестовой
Салтанат Берестова: Максатыңды ишке ашырууга бараткан жолдо сөзсүз кандайдыр бир тоскоолдуктарды жеңүүгө туура келет. Бул табияттын мыйзамы.

— Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жөнөтүүдө көп акча табууга болобу?

— Акча ашыкчалык кылбайт, туурабы? Жылына миллион доллар табам деп айта албайм, бирок жашоомо жетет. Алдыда кыйынчылык тартпайын деп чогултуп да келем. Мурдагыдай абалга кабылгым келбейт.

— Мюнхенде президент Сооронбай Жээнбеков менен түшкөн сүрөтүңүз бар экен. Кандайча кезигип калдыңыз?

— Өлкө башчынын Германияга жасаган иш сапары маалында бизнес-делегациянын курамында элем. Жанымдагы кыз аны менен сүрөткө түшүүнү сунуштап калды.

Жан сакчыларына барып, Сооронбай Жээнбеков менен таанышкыбыз келерин айтсак, алар бизге жанына барууга уруксат беришти. Жакындан көрүү кызык болду биз үчүн! Президент бизди студенттер деп ойлоптур, бизнес-делегациясынын курамында экенибизди айтканда: "Оо, азаматсыңар!" — деп таң калды. Сүрөткө түштүк, мамлекет башчыбыз туурасында жылуу пикирде калгам.

Владелица туристической компании, предприниматель Салтанат Берестова
© Фото / предоставлено Салтанат Берестовой
Ишкер Берестова: Европага кош бойлуу кезимде баргам. Ал жакта калгым келди, бирок анте албадым. Мейманканага тазалоочу же короо шыпыргыч болуп гана ишке орношууга болорун түшүнгөм. Мекенде баары бир дайым жеңил да. Өз өлкөмөн эч жакка кетпейм.

— Европага жасаган сапарыңызга катуу таасирленип, университеттен кеткениңизди айттыңыз. Кыргызстандан биротоло кеткиңиз келген эмес беле?

— Европага кош бойлуу кезимде баргам. Ал жакта калгым келди, бирок анте албадым. Мейманканага тазалоочу же короо шыпыргыч болуп гана ишке орношууга болорун түшүнгөм. Мекенде баары бир дайым жеңил да. Өз өлкөмөн эч жакка кетпейм.

1624
Белгилер:
соода, нан, ишкер, виза, туризм
Тема боюнча
Италиялыктар оромону жакшы көрөт. Сардинияда ресторан ачкан Сыдыкова менен маек
Кишенделген адам. Архив

Кыргызстандан АКШга барган аялдын табышмактуу жоголушу. Сот шектүү күйөөсүн актады

46
(жаңыланган 20:12 22.09.2020)
Кыргызстанда төрөлгөн аял 2012-жылдан бери дайынсыз болууда. Былтыр март айында анын америкалык жолдошу аны өлтүрүүгө шектелип кармалган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. АКШдагы Пенсильвания штатынын аймактык соту Кыргызстанда төрөлгөн Рабихан Сейдерс (өзүнүн фамилиясы Хасанова) аттуу жубайын өлтүрдү деп шектелип жаткан Хэп Сейдерсти актады. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

​Порталдын маалыматына караганда, аял 8,5 жылдан бери дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. 2012-жылдын март айында анын кызы энеси жоголгонун айтып полицияга кайрылган. Аны акыркы жолу Камберленд графтыгындагы Silver Spring Township шаарчасындагы үйүнө жакын жайгашкан дарыкананын жанынан көрүшкөн. Тергөө органдары анын сүрөтүн бардык полиция участкаларына жиберип, кредиттик карталарына чейин текшеришкен. Мындан сырткары, АКШнын Ички коопсуздук министрлигине кайрылып, Рабихан Сейдерс өлкөдөн чыккан-чыкпаганын сүрүштүрүшкөн. Бирок ушул убакка чейин аялдын тирүү экенинен кабар берген бир дагы далил табылган эмес.

Дайын-дареги билинбей жаткан аял болочоктогу жолдошу менен Атлантик-Ситидеги казинолордун биринде массажист болуп иштеп жүргөн кезинде таанышкан. Кийин экөөнүн мамилеси жакшы болуп, Рабихан анын үйүнө көчүп барган. Хэп Сайдерс тыйын сатып, сейрек кездешкен баалуу металлдарды коллекциялоо менен алектенип келген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Рабиханды күйөөсү өлтүрүп, сөөгүн каминге өрттөп жиберген. Айыптоочу тарап кишинин үйүнүн жалюзиси бир нече күн бою жабык туруп, мешинин морунан кара түтүн чыгып турганын айткан. Мындан тышкары, шектүүнүн үйүндөгү каминдин ичинен адамдын сөөктөрү табылган. Өткөн жылдын март айында жубайын өлтүрүүгө шектелген Сайдерс камакка алынган. Ага жети жыл берилери болжолдонгон.

"Биз Хэп Сейдерс Рабиханды өлтүргөнүн билебиз", — деп аймактык прокурордун жардамчысы билдирген.

Ал эми сотто Сейдерстин адвокаты каминден табылган калдык Рабиханга тийиштүү экенин тастыктоочу ДНК-тест жүргүзүлбөгөнүн белгилеген. Ал ошондой эле соттун жетинчи жыйынында америкалык тергөөчүлөр Рабиханды Кыргызстандан издеп көрбөгөнүн кошумчалаган. Жактоочунун айтымында, Рабихан жолдошунун үч миллион долларын жана алтын куймаларын уурдап качып кетиши ыктымал.

"Ал балээге кабылган аял эмес, ал атайын план түзүп алган аял болгон", — деп билдирген жактоочу.

Натыйжада Хэп Сейдерс бардык айыптоолор боюнча акталып, соттун залынан бошотулган.

46
Белгилер:
адам өлтүрүү, кылмыш, полиция, дайынсыздар, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Жолдон жай өткөн киши чыдамы жок айдоочунун огунан мерт кетти. АКШдагы окуя
РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук. Архивдик сүрөт

КР РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды

55
(жаңыланган 17:29 22.09.2020)
РФ вице-премьери пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгү өткөрүлбөй калганын белгилеген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү 2021-жылга жылдырылат. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдирди.

Бишкекте соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйыны өтүп жатат. Оверчук бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-орус кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгарууга өбөлгө болоруна ишенерин айтты.

Бакашева: эриш-аркак жылдын алкагында мерчемделген 30дай иш-чара жылды

Ал пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын белгилеген.

"Мамлекеттик органдар бул багытта тыгыз иш алып барышыбыз керек. Кырдаалды эске алуу менен эриш-аркак жылынын жабылышын 2021-жылга жылдырууну сунуштайбыз", — деди Оверчук.

Өз кезегинде Кыргызстандын вице-премьери Эркин Асрандиев мындай сунушту колдоп, абал турукташкандан кийин ири иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөрүнө үмүт артты.

55
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, иш-чара
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы
Тема боюнча
Бишкекте Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны башталды
Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын отуруму. Тексттик баяндама
Комуздун коштоосундагы орусча ырлар. Бишкекте Россия күнү белгиленди. Видео