Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жалгап Казакбаев дүйнө салды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКишинин колунда гүлдөр жана күйүп турган шам. Архив
Кишинин колунда гүлдөр жана күйүп турган шам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакбаев Кара-Балта шаардык, Чүй облустук кеңештерине жана 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жалгап Казакбаев узак убакытка созулган оорудан улам 71 жашында каза болду. Бул маалыматты Кара-Балта шаар мэриясы тастыктады.

© Фото / пресс-служба президента КРЖогорку Кеңештин экс-депутаты Жалгап Казакбаев
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жалгап Казакбаев дүйнө салды - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жалгап Казакбаев

Маркумду жерге берүү зыйнаты эртең, 6-июлда, Кара-Балта шаарында өтөт.

Канат Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жашында көз жумду

Жалгап Казакбаев 1949-жылы 1-январда Чүй облусунун Панфилов районундагы Тельман айылында туулган. 1972-жылы Фрунзедеги политехникалык университеттин механика факультетин аяктап, "Сетунь" заводунда эмгек жолун баштаган. Кара-Балта тоо-кен комбинатында (КТКК) директор болуп иштеген. Кара-Балта шаардык жана Чүй облустук кеңешине депутат болгон.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0