Окумуштуу: коронавирустан айыккандан кийин деле өпкө жакшы иштебей калат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКишинин температурасын текшерип жатышат. Архив
Кишинин температурасын текшерип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер вирус кайсы органдарды жабыркатарын кенен изилдөө менен анын кесепеттерин алдын алууга жардам берген препаратты даярдоону пландап жатат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Коронавирустан айыккандан бир нече айдан кийин деле симптомдору кала бериши мүмкүн. Бул тууралуу Charite медициналык комплексинин жана Гарвард университетинин профессору Тобиас Курт айтып чыкканын "Известия" жазды.

Анын айтымында, алсырап, өпкөсү начар иштеп, дем алуусу бузулгандар көбөйөт. Бул вируска чейин ден соолугу чың, өнөкөт оорулары жокторго дагы тиешелүү.

Коронавирустун экинчи толкуну: кышында аны грипптен айырмалоо кыйын болот

"Учурда дагы кайсы органдарды жабырката турганын изилдеп, бейтаптар менен иштешип жатабыз. Ошого жараша ооруну жеңгенден кийин анын кесепеттерин алдын алуу боюнча препаратты даярдоого болот", — деген профессор.

Буга чейин британиялык адистер вирустун кесепетинен кийин адамдын психологиясы бузуларын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0