Көз жумгандарды көмүү. Архив

Муфтият коронавирустан көз жумгандарды көмүү эрежесин иштеп чыкты

1325
(жаңыланган 20:12 05.07.2020)
Муфтият Саламаттык сактоо министрлиги менен вирустан көз жумгандардын сөөгүн мусулмандардын шарият өкүмдөрүн эске алып жерге берүү сунуштары менен макулдашты.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирус жуктуруп кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча фатвасын (чечим) жарыялады. Бул тууралуу муфтияттын сайтында жазылган.

Маалыматка ылайык, муфтият Саламаттык сактоо министрлиги менен вирустан көз жумгандардын сөөгүн мусулмандардын шарият өкүмдөрүн эске алып жерге берүү сунуштары менен макулдашканы айтылат.

Коронавирустан каза болгон адамды жууп-кепиндөө жана жерге берүү маселесинде шарият төмөндөгү көрсөтмөлөрдү берет:

COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер

Кайтыш болгон диндеш бир туугандын сөөгүн жууп-кепиндөө жана жаназа намазын окуу мусулмандын мусулманга карата вазийпаларынын эң башында турат. Жуулуп, кепинге оролгон маркумдун жаназа намазын окуу парзы кифая (милдет) болуп саналат. Бул вазийпаны бир топ мусулмандар аткарган учурда калган мусулмандардын мойнунан сакыт болот (милдетинен кутулат). Жаназа намазын окуу үчүн атайын бир убакыт белгиленген эмес. Даяр болуп калган сөөктү көп күттүрбөстөн жаназасын окуп жерге берүү негизги иш.

Илдеттин жугуу кооптуулугу бар болгон учурларда жаназа намазын мүмкүн болушунча аз кишинин окуганы абзел. Ошондо да оорунун тарашын эске алуу менен зарыл чараларды көрүү керек. Тактап айтканда, намазга катышуучулардын ортосунда белгилүү аралык сакталууга тийиш. Мындай кырдаалда эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү. Оорунун жугуу ыктымалы жогору болсо, тиешелүү инсандар тарабынан жерге берилген маркумдун жаназасын, кабырынын башында кыбылага беттенип окууга да болот.

Көбү Бишкектен. Суткада пневмониядан дагы 26 киши каза болду

Негизи эле кооптуулук болгон учурда адистердин кеңеши боюнча зарыл чаралар жана коргонуу шарттары аткарылган соң маркумду шарият талап кылган тартипте жууп, ак кепинге ороп жерге берүү керек. Бирок бардык коргонуу чараларынын жана алдын алуу иштеринин аткарылганына карабастан маркумду сууга алган жана шарият талап кылгандай кепинделген учурда башка адамдарга оорунун жугуу коркунучу бар болсо, анда төмөндөгүдөй амалдар жетиштүү болот:

  1. Белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо узактан суу чачып сөөктү жууганга болот.
  2. Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок.
  3. Маркумду жууган эгерде жугуштуулук өңүттөн коркунучтуу болсо, тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийип сөөккө таяммум (даарат алуу үчүн суу табылбаган кезде же аны колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда таза топуракка урулган кол менен бетти, чыканакка чейин эки колду сылоо жолу менен аткарылган тазалык) кылдырууга болот.
  4. Коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамга жаназа окуу жана анын денесин шариятка ылайык жерге берүү милдеттүү болуп эсептелет. Денени өрттөп, кислота же башка химиялык каражаттарды колдонуп көмүүгө шариятта уруксат берилбейт. Албетте, этияттык үчүн вирустан коргоочу жолдордун жардамы менен жерге берилет.
  5. Сөөктү шарияттык (салттык) тартипте казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуулук жарата турган болсо, атайын сумка (өлүк салуучу) же табыт менен көмүүгө уруксат.
  6. Кырдаалга жараша жана зарылчылыктан улам ушул иштерге барып жатсак да мусулман бир тууганыбыздын астындагы акыркы диний вазийпаларыбызды аткарып жатабыз деген аң-сезимде болуу керек.
1325
Белгилер:
эреже, сөөк коюу, өлүк, коронавирус, муфтият, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2057)
Тема боюнча
Пневмония же грипптин жеңил түрүнө кабылгандар кайрылчу стационарлардын иш тартиби
Ош шаарында оорукана катары 500дөн ашуун орун даярдалып жатат. Сүрөт
Дарбыз. Архив

Дарбыз сатып алууда эмнелерди эске алуу зарыл? Адистин кеңеши

21
(жаңыланган 08:49 04.08.2020)
Дарбыздын жерде жаткан тарабы ачык сары түстө болгону жакшы. Ал канчалык ачык болсо, ошончо жакшы бышканынан кабар берет.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дарбызды чертип тандоодо андан катуу же акырын эмес, орточо дабыш чыгышы керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Адистердин айтымында, базар же дүкөндө толук бышкан даамдуу дарбыз алууда анын сөңгөгүнө анча маани бербөө керек. Анын ордуна өсүмдүктү чертип угуп же алдындагы ак тагына көңүл буруу зарыл.

"Дарбыздын сырткы көрүнүшү бүтүн, таза жана жаңы болушу керек. Черткенде катуу же акырын эмес, орточо дабыш чыкса жакшы. Ал эми сөңгөгүнүн куурап калганы, өсүмдүктүн толук жетилгенинен кабар бербейт. Себеби дарбыз алыс жерден алып келингендиктен, базарга жеткенче анын сөңгөгү кургап калышы мүмкүн", — деп жазылат маалыматта.

Диетолог коон менен дарбыздын зыяндуу жактарын санап берди

Ошондой эле дарбыздын жерге жаткан тарабы ачык сары түстө болушу абзел. Ал канчалык ачык болсо, ошончо жакшы боло тургандыгынан кабар берет.

Андан сырткары, диетологдор бир күндө 1,5 килограммдан ашык дарбыз жебөөнү сунуштайт. Эгер адам күн сайын андан көп жесе, дарбыздан чыккан суюктук организмдеги пайдалуу заттарды жууп кете тургандыгын белгилешет.

21
Белгилер:
кеңеш, дарбыз, адистер
Тема боюнча
Дайым жаш көрүнгүсү келгендер кайсы тамакты аз жеши керек. Адистин жообу
Диетолог коон менен дарбыздын зыяндуу жактарын санап берди
Бут шишидиби? Ысыкта туура тамактануунун жолу айтылды
Кытайдын Ухань шаарындагы медицина кызматкери. Архив

ДССУ Кытай менен коронавирустун келип чыгышын иликтөөнү макулдашты

21
(жаңыланган 08:32 04.08.2020)
Эпидемиологиялык изилдөө Ухань шаарында жүргүзүлөт. Былтыр дал ушул жерде вирус чыгып, сегиз айда дүйнөнүн булуң-бурчун каптады.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) кытай тарап менен коронавирустун пайда болушуна байланышкан эл аралык иликтөөнүн шарттарын макулдашты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кытайга барган ДССУнун алдыңкы командасы вирустун келип чыгышын аныктоо боюнча биргелешкен аракеттерди баштады.

"Эл аралык уюм менен Кытай эксперттери изилдөө жүргүзүү шарттарын аныктаган документтердин долбоорун иштеп чыгышты. Бул ишти жетектөөнүн башында ДССУ турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эпидемиологиялык изилдөө оору биринчи жолу чыккан Ухань шаарында жүргүзүлөт.

ДССУ кайталап киргизилген карантиндик чектөөлөрдү сынга алды

Уюмдун эксперттери кытай кесиптештеринен COVID-19дун пайда болушуна байланышкан алдын ала тергөө иштеринин маалыматтарын колго алышты. Бул туурасында ДССУнун Саламаттык сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан кабарлады.

Кытай бийлиги былтыр 31-декабрда ДССУга өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдашкан. Адистер ооруну жаңы коронавирус козгогонун аныкташып, кийинчерээк инфекция расмий түрдө COVID-19 деп аталган. 11-мартта коронавирус пандемиясы жарыялаган.

Учурда коронавирус жуктургандардын саны 18 миллиондон ашты. Каза болгондордун саны 680 миңден көбүрөөк. Сап башында АКШ, Бразилия жана Индия мамлекеттери турат.

21
Белгилер:
иликтөө, коронавирус, Кытай, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Окумуштуулар: коронавирустун иммундук реакциясы организмди алсыратат
Ош базарындагы соодагер. Архив

Былтыр КРде кайсы тармакта кызмат көрсөтүүлөр көп болгон. Статистика

0
(жаңыланган 09:06 04.08.2020)
Калк арасында эң кеңири колдонулган кызматтардын сап башына дүң жана чекене соода, автотранспорт оңдоо кирди. Бул тармак бардык кызматтардын 73 пайызын түздү.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети өткөн жылы Кыргызстанда кайсы кызматтар көп колдонулганы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, калк арасында эң кеңири колдонулган кызматтардын сап башына дүң жана чекене соода, автотранспорт оңдоо кирди. Бул тармак бардык кызматтардын 73 пайызын түздү. Андан кийинки орунда транспорттук кызматтар жана жүктөрдү сактоо (7,3 пайыз) турат.

Ысыккөлдүк ишкана Кытайга сүт экспорттой баштайт

Колдонулган кызматтардын 4,8 пайызы мейманканаларга жана ресторандардын ишмердигине тиешелүү.

Маалымат жана байланыш тармагына туура төрт пайыз туура келген. Калган тармактардагы кызмат көрсөтүүлөр төрт пайыздан төмөн болгон.

0
Белгилер:
пайыз, кызмат, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
Былтыр банктар элге канча насыяны кандай максатта берген. Сандар
Экономика министри: Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү кыскарды