Бүгүн күндүзгү стационарлардан үч бейтап каза тапты

© REUTERS / Maxim ShemetovРеанимацияда жаткан бейтаптын колу. Архив
Реанимацияда жаткан бейтаптын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган борборлор коронавирус жана пневмониянын жеңил же орточо түрүнө кабылган бейтаптарды кабыл алууда.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бүгүн күндүзгү стационар борборлорунан үч бейтап каза болгонун мэрия социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматта бул үч адам орун жок болгону үчүн ооруканага жата албай стационарга кайрылганы айтылат. Мэрия элди бет кап тагынууга, аралыкты сактоого, сыртка көп чыкпоого чакырууда.

Чүйдө беш жүздөн ашык киши жата турган дагы 21 стационар ачылды

Аталган борборлор коронавирус жана пневмониянын жеңил же орточо түрүнө кабылгандар үчүн түзүлгөн. Бул жерден ийне сайдырып, консультация алууга болот. Мэрия төрт райондо ачылган стационарлардын дареги менен телефон номерлерин жарыялаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0