Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен 41 бейтап айыкты

© REUTERS / Eloisa LopezСитуация в Филиппинах из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Филиппинах из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустан айыккандардын саны өлкөдө 2 843кө жетти. Бир суткада сакайгандардын көбү Бишкек шаарынан. Андан кийинки орунда Ош шаары турат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 41 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, айыккандардын саны өлкөдө 2 843кө жетти.

Бүгүн өлкө боюнча 314 кишиден коронавирус чыкты

Бир суткада коронавирустан айыккандар:

  • Бишкек — 25;
  • Чүй облусу —1;
  • Ош шаары — 8;
  • Ош облусу — 3;
  • Баткен облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 2.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 7 691ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0