Экс-министр Космосбек Чолпонбаев

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды

407
(жаңыланган 14:22 06.07.2020)
Чолпонбаев “коррупция жана өзүнчө бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон” деген иш боюнча көрсөтмө берет.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди суракка чакырды. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Финполдун тергөө бөлүмү экс-министрди үстүбүздөгү жылдын март айында ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чакырган. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата “коррупция жана өзүнчө бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон” деп козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берери айтылат. 

Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин кызматтан кетишине эмне себеп болду?

Учурда бул факты боюнча тергөө жүрүп жатат.

Космосбек Чолпонбаев 2018-жылы 20-апрелде саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл коронавирустун алдын алуу иштерин чабал аткарганы үчүн президент Сооронбай Жээнбековдон тил угуп, 1-апрелде кызматтан алынган.

Даяр эмес экенсиңер! Жээнбеков саламаттык сактоо министрине каарын төктү

Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, январь айында вирусологдор менен лаборанттар Чолпонбаевге COVID-19 жуктургандарды аныктоо жана анализдерин чыгаруу үчүн тест-системаларды алуу зарылдыгын айтып, бир нече жолу кайрылышкан. Бирок алардын сунуштары этибарга алынган эмес. Мунун кесепетинен лабораторияларды керек болгон материалдар менен камсыздоо түйшүк жараткан.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

407
Белгилер:
финансы полициясы, сурак, кылмыш иши, Космосбек Чолпонбаев
Тема боюнча
Шалаакылык! Депутат экс-министр Чолпонбаевди жазага тартууну сунуштады
Президент вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаевди иштен алды
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

49
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

49
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

86
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

86
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды