Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Кырдаалды болжой албай дүрбөлөң түшүрдүңөр! Жээнбеков өкмөт менен министрди тилдеди

2860
(жаңыланган 14:54 06.07.2020)
Жээнбеков медиктер эмнеге муктаж болуп жатканы боюнча маалыматты өзүнө жөнөтүп турууну Саламаттык сактоо министрлигине тапшырды.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында кырдаалдын өнүгүшүнө даярдык көрө албаганы үчүн өкмөт менен саламаттык сактоо министрин тилдеди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда мамлекет башчы өлкөдөгү кырдаалдын өнүгүшүн божомолдоо жана анализ жүргүзүү болбогонун сындаганы айтылат. Аны менен катар алдын ала түшүндүрүү жана алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүү иштери толук аткарылбай, мунун кесепетинен эл дүрбөлөңгө түшкөнү үчүн нааразы болгон.

"Силер кадрлардын резервин толуктоо жана адистерди мобилизациялоо иштерин качан гана кризис келгенде баштадыңар. Саламаттык сактоо министрлиги медиктерге керектүү бардык каражаттарды, анын ичинде жеке коргонуу кийимдери боюнча Республикалык штабга жана мага толук маалымат жөнөткүлө. Ошондой эле маселени ыкчам чечилишин талап кылгыла", — деди президент.

Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты

Жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдери катышууда.

2860
Белгилер:
сын, өкмөт, Коопсуздук кеңеши, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2102)
Тема боюнча
Маалыматты так берип тургула. Жээнбеков министр Абдикаримов менен сүйлөштү
Кимдин ким экени ушундай учурда билинет. Жээнбеков аткаминерлерге кайрылды
Беларустагы башаламандыктын катышуучусун кармап жаткан милиция кызматкери

Беларустагы башаламандыкта 68 кабарчы кармалып, 20дан ашыгы дагы эле камакта

39
(жаңыланган 23:57 13.08.2020)
Буга чейин бир катар жергиликтүү жана чет элдик кабарчыларга карата күч колдонуп, аларды камакка алган фактылар болгон.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Беларуста укук коргоо кызматкерлери 9-августтан бери 68 кабарчыны кармаган, 20дан ашыгы дагы эле камакта. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Беларустагы журналисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 23 журналист камакта.

"13-август саат 17.40ка карата 23 журналист камакта жатат. 9-августтан бери жалпы 68 кабарчы кармалган. Аларга карата күч колдонгон 29 учур катталган", — деп жазылган ассоциациянын Telegram-каналында.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Башаламандыкта буга чейин "Комсомольская правданын" журналисти менен айдоочусу сабалган. Кийин жергиликтүү погончондор BBC кызматынын үч кызматкерине кол салган деп айтылат маалыматта. Андан сырткары, Onliner порталынын эки кабарчысына күч колдонуп кармаган.

Ага чейин бир катар россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да колго түшүп, айрымдарын Беларусь беш жылга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салып, коё берген.

39
Белгилер:
кармоо, журналист, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Эгин талаа. Архив

Жумага карата аба ырайы

49
(жаңыланган 21:03 13.08.2020)
Синоптиктер 14-августта түнкүсүн өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөрүн маалымдашты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жума күнү, 14-августта, күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +32...+34 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +22...+24 градуска көтөрүлөт.

49
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Бүгүн, эртең тоолуу аймактарда сел жүрөт