Жээнбеков: шалаакыларды аяй турган заман эмес!

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер тез жардам кызматынын унаасында. Архив
Медициналык кызматкер тез жардам кызматынын унаасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин жыйыны бүгүн, 6-июлда, өттү. Президентке өкмөт мүчөлөрү, район акимдери абал тууралуу маалымат беришти.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Дарыгерлердин 24 саат бою иштеп, өз тамагын өздөрү камдап жатканы акылга сыйгыс нерсе. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Эскерте кетсек, ага өкмөт мүчөлөрү, район акимдери катышууда.

"Медицина кызматкерлеринин 24 саат бою иштеп, өзүн-өзү тамак-аш менен камсыздоосуна жеткирген шалаакылар жоопкерчиликке тартылышы керек. Азыр кимдир бирөөнү аяй турган заман эмес, жалпы калктын саламаттыгы үчүн күрөш жүрүп жатат", — деди Жээнбеков.

Бишкек мэриясы асма уколдун штативин жана тосмолорду кантип жасап жатат. Видео

Президент жардам берүү ниети менен кайрылгандарга ыраазычылык билдирди.

"Медиктерди тамак-аш менен камсыздоого жардам берем, жабдуу алып бер, тез жардам унаасын сатып берем дегендер көп. Республикалык штаб ыктыярчылардын башын бириктирип, көмөктү бюрократиясыз кабыл алышы керек. Эл ичинде алсам дебей, берсем дегендердин бар экени сүйүндүрөт", — деди өлкө башчы.

Жээнбеков медиктердин айлык акысы өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүшү керектигин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0