Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты

Жазылуу
Президент жер-жерлерде киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү жарандар жана экономикалык субъектилер сөзсүз аткарышы керектигин баса белгилеген.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Азырынча өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси карала элек. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жээнбеков жер-жерлерге киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү жарандар жана экономикалык субъектилер сөзсүз аткарышы керектигин баса белгилеген.

"Оору менен күрөшүүдө жарандык жоопкерчилик чоң мааниге ээ. Кырдаал жөнөкөй эмес, оор экенин моюнга алабыз. Ар бир муунга түрдүү кырдаал менен кагылышуу буйруган. Аталар, чоң аталар Улуу Ата Мекендик согуштун азабын көргөн. Эми биз оору менен күрөшүп жатабыз. Дартты жеңүү үчүн өлкөнүн ар бир жараны жоопкерчиликти так аткарышы абзел. Бул жоопкерчиликтер өтө жеңил. Болгону аралыкты, эрежени сактап, адистердин айткандарын жасаш керек", — деген өлкө башчы.

Кырдаалды болжой албай дүрбөлөң түшүрдүңөр! Жээнбеков өкмөт менен министрди тилдеди

Өлкөдө COVID аныкталган адамдардын жалпы саны 7 691ге жетти.

Азыр стационарда 625 киши дарыланууда, анын 22си реанимацияда жатат. 4 131 киши үй карантининде. 2 843 киши ооруканадан чыгарылса, март айынан бери 92 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0