Коронавирус менен ооругандарды дарылоо стационар. Архив

Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат

519
(жаңыланган 18:47 06.07.2020)
"Берекет Гранд" менен "Дордой" базарынын жетекчилери жана мэрдин жакындарына таандык курулуш компаниясы колдоо көрсөтүүдө.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын төрт районуна дагы кошумча күндүзгү стационарлар ачылат. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул жайлардын бардык чыгымдарын ишкерлер менен Жогорку Кеңештин депутаттары мойнуна алды. Демек, алар станционарга керектелүүчү керебет, жабдууларды, дарыгерлерди ташуу жана тамак-аш уюштурууга кеткен чыгымдын баарын көтөрүп берет. Ал эми уюштуруу иштери мэрия жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы асма уколдун штативин жана тосмолорду кантип жасап жатат. Видео

Түлөбаев шаар мэри Азиз Суракматов ишкерлер менен жолугушуп, бул боюнча макулдашканын белгиледи.

  • Свердлов районун "Дордой" ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбеков мойнуна алды. "Дордой" базары тарапта жайгашат.
  • Биринчи май районун калаа мэри Суракматовдун жакындарына таандык "Елизавета" курулуш компаниясы тейлейт. "Кудайберген" базары жакта ачылат.
  • Ленин районун "Берекет Гранд" ишканасынын жетекчиси Болот Бегалиев камсыздайт. "Ош" базары тарапта жайгашат. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депутаттар Канат Исаев, Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров жана Руслан Чойбековдор Ленин районунда дагы бир күндүзгү стационар ачат.
  • Октябрь районун Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов камкордугуна алат. "Тунгуч" кичи району тарапта ачылат.

Боронов партияларга: шайлоого коротчу акчаңарды COVID менен күрөшүүгө бергиле

Стационарлар 15 күнгө ачыла турганы белгиленет. Бул жерден жарандар медиктерден кеңеш алып, ийне сайдырып кетишет. Дары-дармекти өз жанынан сатып алышы керек, калганы бекер болот.

519
Белгилер:
чыгым, колдоо, ишкер, стационар, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2712)
Тема боюнча
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
Кычкылтек концентраторун сатып алууга өлкө казынасынан 50 млн сом бөлүндү
Чүйдө беш жүздөн ашык киши жата турган дагы 21 стационар ачылды
Өспүрүм балдар. Архив

Туугандары изделүүдө. РФтен кыргызстандыктар таштап кеткен 5 бала алып келинди

12
(жаңыланган 16:02 17.05.2021)
Министрлик бөбөктөрдү кайтарып берүү үчүн тууган-туушкандарын издеп жатат. Азырынча кичинекейлер балдар үйүнө жайгаштырылган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстанга Москва шаары менен Москва облусунан эки жашка толо элек беш бала алып келингенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү боюнча министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул бөбөктөрдү кыргызстандык кыз-келиндер Россиядагы төрөт үйлөрүнө таштап кетишкен. Кичинекейлер мекенине алып келингенден кийин балдар үйлөрүнө убактылуу жайгаштырылган. Маалыматта министрлик бөбөктөрдү кайтарып берүү үчүн тууган-туушкандарын издеп жатканы айтылды.

2021-жылдын башынан тарта Кыргызстанга 11 бөбөк алып келинген. Алардын алтоосун ата-энеси таштап кеткен.

12
Белгилер:
балдар, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Чүйдөгү балдар үйүнөн качып кеткен өспүрүм изделүүдө. Сүрөт
Аял керосин лампаны күйгүзүп жатат. Архив

18-майда Бишкектин бир нече районунда жарык болбойт. График

16
(жаңыланган 16:02 17.05.2021)
Электр жарыгы шаардын кичи райондорунда, айрым конуштарда, ошондой эле бир катар көчөлөрдө өчүрүлөт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Эртең, 18-майда, Бишкектин айрым райондорунда убактылуу жарык болбойт. Бул тууралуу маалымат "Түндүк электр" ишканасынын расмий сайтына чыкты.

Бул күнү мекеменин жумушчу топтору үйлөрдүн электр зымдарын, трансформаторлорду жана көмөк чордондорду оңдоо иштерин жүргүзөт.

График:

  • Саат 09:00 дөн 17:00 гө чейин — 10-кичи райондогу №1 көп кабаттуу үй;
  • Саат 09:00 дөн 18:00 гө чейин — Арча-Бешик, Ынтымак, Киргизия-1 конуштарында, ошондой эле Азия, Абдрахманов, Шералиев, Садырбаев, Эркин-Тоо, Бос-Бөлтөк, Кожомкулов, Буденный, Абдраимов, Жеңиш, Баялинов, Малышев, Минск жана Багратион көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө жана Беломорский кууш көчөсүндө электр жарыгы убактылуу өчөт.
  • Саат 09:00 дөн 18:00гө чейин —Токомбаев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү.
16
Белгилер:
оңдоо иштери, өчүрүү, "Түндүк Электр" ишканасы, Бишкек, электр жарыгы
Тема боюнча
Суусу азайып кеткен Токтогул суу сактагычынан таасирдүү 15 сүрөт