Бишкекте почта түйүндөрү бир жума иштебейт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПочтада посылкалар. Архив
Почтада посылкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы почталар 13-июлдан тарта иштеп баштайт. Ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" ишканасынын Бишкектеги бөлүмдөрү калаада вирустук инфекцияны жайылтып жиберүүнүн алдын алуу максатында 7-13-июль күндөрү профилактика иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Абалдын кескин курчуп кетишинен улам аталган ишкананын филиалы болгон "Бишкек почтамт" бир апта бою өз бөлүмдөрүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрөт", —  деп айтылат таратылган кабарда.

Каттоо кызматынын Архив агенттиги карантинге жабылды

Ал эми 13-июлдан тарта Бишкек шаарындагы почталар иштеп, ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы почта түйүндөрүндө төмөнкү эрежелерди сактоону өтүнөт:

  • Почта бөлүмүнүн имаратынын ичине аз сандагы кишилер кириши керек жана 1,5 метр бири-биринен обочо турушу шарт. Калгандары коопсуздук үчүн көчөдө күтүп турат;
  • Бөлүмдө жана анын жанында жарандар 1,5 метрлик аралыкты сактап турушу керек;
  • Почтага кирер алдында бет кап кийгенди унутпагыла. Эгерде ансыз келсеңиз, ичине кире албайсыз;
  • "Кыргыз почтасы" ишканасы азыркы абалдан улам бардык түйүндөрүндө келгендерге ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүп бергенге аракет кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0