Дарыгер көк боорун алдыргандар үчүн керектүү деген кеңештерин айтты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМедайым эмдөө шприцти даярдап жатат. Архив
Медайым эмдөө шприцти даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер Мясников көк боору жокторго тамактын бардык түрүн жей берсе болорун түшүндүрүп, дагы бир маанилүү учурду унутпоого чакырган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Көк боорун алдыргандар кандай тамактанып жана эмдөөнүн кайсы түрүн сөзсүз алышы керектигин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников түшүндүрүп берди. Бул туурасында "Россия 1" телеканалында айтылды.

Белгилүү докторго автокырсыктан көк боорун алдырып салгандар кандай эрежелерди кармап жашашы керек деген суроо түшкөн.

Мясников тамактын бардык түрүн жей берсе болорун түшүндүрүп, дагы бир маанилүү учурду унутпоого чакырган.

Эмдөөнүн эч бир түрү аутизмге алып келбейт. Вакцинация тууралуу адистин маеги

Адис көк боору жоктор пневмококк менен менингококко (өпкөнү жана мээ, жүлүн челдерин сезгендирүүчү микробдор) каршы сөзсүз түрдө эмдөө алышы керектигин баса белгилеген.

"Эгерде бул эмдөөлөрдү жасатпаса, көк боору жок жүргөн кишилердин өмүрү коркунучта калганы калган. Себеби аталган эки бактерия организмдин ичинен көк боорго түшкөндө гана өлөт. Ал эми аталган органы жок адамдардын ден соолугуна, албетте, бул кооптуулук жаратат", — деген ал.

Мясников бул жалпы дүйнөлүк практика экендигине токтолгон. Өзү жетектеген Москва шаарындагы №71 клиникада көк боорун алдыргандарга дарыгерлер муну дайым эскертип турарын айткан. Эгерде мындай маанилүү учурду ак халатчандар көңүл сыртында калтырса, бул алардын чоң кемчилиги деп кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0