25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт

CC0 / Pixabay / Engin AkyurtАял коопсуз бет капчан ноутбукта иштеп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Аял коопсуз бет капчан ноутбукта иштеп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер аралыктан иштөө кишинин организмине кандай таасирин тийгизерин иликтеп чыгып, аны кызматкер кыздын сүрөтүнүн мисалында көрсөтүп берген.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Британиялык Directly Apply фирмасы 25 жыл бою аралыктан иштеген жаш жигиттин моделин жасап чыкты. Алардын колунан чыккан сүрөт көптөрдү таңгалдырып, ал тургай көңүл оорутканын Fox News баяндаган.

Адистер аралыкта иштөөнүн адамдын организмине тийгизген таасирин иликтеп чыгып, аны кызматкер кыздын мисалында көрсөткөн.

Моделге авторлор Сьюзен деп ат коюшкан. Моделди түзүүгө компанияга клиникалык психологдор менен фитнес-эксперттер жардам берген.

Аралыктан иштеген кызматкер тушуккан биринчи көйгөйдү эксперттер компьютерге байланыштырган, бул көзгө күч келгенде жаралган жагымсыз жагдай. Ал көздү кургатып, кээ бир учурларда тамырчалардын жарылышына алып келет. Бул акырындап отуруп көрүүнү начарлатат.

Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт

Көпкө чейин дене тарбия көнүгүүлөрүнүн жасалбай калышы, экранга тигилип отура берүү моюндун гипертрофияланган оорусуна, желке тараптын, ийиндин акырындап жооноюп кетишине алып келет. Бул күн санап көбөйө берүүчү көрүнүш.

Ашыкчы кыймыл кылбай кечке отуруу, тамакты жөндөп ичпегендик жана дене тарбия көнүгүүлөрүнүн жоктугу организмге ашыкча майды топтойт.

Аралыктан иштөө адамдар байкабаган нерселерди да жаратышы мүмкүн. Адамдын манжаларын клавиатурада көп иштеп отуруп кокустатып алышына, D витаминдин жоктугунан чачтардын түшө башташына жана көздүн алдындагы шишиктердин пайда болушуна алып келери айтылган.

Кечке чейин отуруп иштегендерди 20 жылдан соң эмне күтөт? Үрөй учурган видео

Башкалар менен көп сүйлөшпөө жана иштен улам компьютерден көз албай отуруу организмде стресс гормондорунун көбөйтүп жиберет. Бул кандын басымына таасирин тийгизип, ден соолукту аксатат.

Эксперттер иште денени түз кармап отурууга, мезгил-мезгили менен ордунан туруп, ары-бери басууга кеңеш берген. Андан сырткары иш столунда компьютердин, клавиатуранын, экрандын туура жайгашуусу да маанилүү экендиги айтылган. Майда делгени менен булар иш процессинде кадимкидей эле таасирин тийгизет деп кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0