Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 73 бейтап айыкты

© REUTERS / POOL NewОоруканада дарыгерлер жана бейтап. Архив
Ооруканада дарыгерлер жана бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада айыгып чыккандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларынан. Бардыгынын кайталап алынган анализдери таза чыккан.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын ичинен 73ү айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда кабарлады.

Бир суткада коронавирустан айыккандар:

  • Бишкек шаары — 29;
  • Чүй облусу — 8;
  • Ош шаары — 17;
  • Ош облусу — 10;
  • Баткен облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 4;
  • Талас облусу —3.

Өлкө ичинде коронавирустан жалпы 2916 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0