Судьянын балкасы. Архив

Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту

168
(жаңыланган 11:47 07.07.2020)
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү айрым соттор жөнүндө жарлыкка кол койгон. Документ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Өлкөдө төрт жергиликтүү судья Жогорку соттун судьялыгына шайлангандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү айрым соттор жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Ош шаардык сотунун судьясы Нурланбек Атаназаров, Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы Инара Гилязетдинова, Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы Күмүшбек Жоомартов, Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы Нурманбет Эшалиев мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Өспүрүмдү соттогондо энелик сезим селт эттирет. Судья Кадыркулованын маеги

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

168
Белгилер:
судья, кызмат, сот, жарлык, Кыргызстан
Тема боюнча
Аялын өрттөгөн киши, көзү ачыкка барган тергөөчү. Июндагы соттук чечимдер
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

52
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

52
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

92
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

92
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды