Боронов өз жакындары үчүн орун "брондоп" жаткан дарыгерлер боюнча жооп берди

© Sputnik / Владимир Смирнов / Медиабанкка өтүүОорукананын реанимация бөлүмү. Архив
Оорукананын реанимация бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Брифинг учурунда модератор "Социалдык тармактарда "айрым дарыгерлер ооруканалардагы орундарды брондоп, башкаларга бербей жатат" деп жазышууда. Ошого комментарий бере кетесизби" деген суроо узаткан.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы коронавирус жана пневмонияны дарылаган ар бир мамлекеттик ооруканага бирден өкмөт мүчөсү бекитилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

Брифинг учурунда модератор "Социалдык тармактарда "айрым дарыгерлер ооруканалардагы орундарды брондоп, башкаларга бербей жатат" деп жазышууда. Ошого комментарий бере кетесизби" деген суроо узаткан.

Боронов: COVID менен күрөшкөн медиктер 72 миң сомго чейин кошумча акы алат

"Тилекке каршы, мындай маалыматты биз да окудук. Арабызда ушундай жетекчилер бар экени өкүндүрөт. Эки күндөн бери вице-премьер да ушул маселе менен иштөөдө. Кайсы оорукананын жетекчиси экени азырынча белгисиз, издеп жатышат. Ал табылса катуу чара колдонулат. Мындай иштерди болтурбоо максатында атайын буйрук иштелип чыкты. Ага бүгүн кол коём. Эми коронавирус жана пневмонияны дарылаган ар бир мамлекеттик ооруканага бирден өкмөт мүчөсү байланат. Ал ошол жерден ишин баштап, ошол жерден жумушун бүтүрөт. Оорукананын башкы дарыгери менен тең жатып, тең турат. Ушундай жол менен көзөмөлдөбөсөк оорукана башчылары жогоруда айтылгандай иштерге барууда", — деди өкмөт башчы.

Боронов ооруканаларда орун туруп, бирок кайрылган бейтаптарды кабыл албай койгон жетекчилерге катуу чара колдонулаарын баса белгилеп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0