Өкмөт кырдаалды кантип жөнгө салууда? Бороновдун билдирүүсүнүн кыскача тизмеги

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Премьер-министр КР Кубатбек Боронов брифинг учурунда
Премьер-министр КР Кубатбек Боронов брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктердин маянасы жогорулады, бирок өлкөдө ак халатчандардын жетишсиздиги негизги көйгөй бойдон калууда.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бүгүн премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча түз эфирде маалымат берди. Анда коронавирустан коргонуу чаралары жана өкмөттүн аткарып жаткан иштери менен элди кабардар кылды.

Sputnik Кыргызстан маанилүү учурларын тизмектейт:

  • 8-июлдан тарта өлкөнүн 40 районунда 200 орундан кем эмес күндүзгү стационарлар ачылат;
  • Өкмөт башчы башка региондордон Бишкекке келбей жана шаардан чыкпай турууну суранды. Себеби борбор калаада абал оор. Облустар аралык каттаган автобустарды токтотуу каралууда;
  • COVID-19 менен күрөшүп жаткан дарыгер буга чейин 47 миң сом маяна алса, 1-июлдан тарта 72 миңге чейин жогорулайт;
  • Медиктердин обсервацияда жатуу мөөнөтү кыскарды. Мурда 14 күн бейтаптар менен иштеп, 14 күн обочолонуп жаткан. Эми жети күн гана болуп, абалы жакшы болсо кайра жумушка чыгат;
  • Бишкектеги үч билим берүү мекемесинде 750 орун даярдалган. Бирок ал жерде иштегенге медиктер жок болуп, пайдаланылбай турат;

Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды

  • Учурда өлкөгө пульмонолог, терапевт, реаниматолог, кардиолог, инфекционисттер өтө керек. Ушуларды жана медициналык билими бар бардык адистерди өкмөт жумушка чакырууда. Айлыгы категорияларына жараша 70 000 сомго чейин төлөнөт.
  • Жакынкы күндөрү Россиядан дагы 50 кыргыз дарыгери жардамга келет;
  • Кээ бир дарыгерлер ооруканага келген бейтаптарды кабыл албай, бош орундарды өзүнүн туугандары, аткаминерлер жана депутаттарга камдап отурат. Муну көзөмөл кылуу үчүн ар бир ооруканага өкмөттүн мүчөсү бекитилет. Ал башкы дарыгер менен тең жатып, тең турат;
  • Бишкектеги кырдаал 4-5 күндө жөнгө салынса, региондорго катуу көңүл бурулат;
  • Кытайдан эртең 200, жума күнү 300 даана кычкылтек концентратору алып келинет. Өкмөт буга чейин да 500 аппарат сатып алган;

Кычкылтек концентратору деген эмне, кандай максатта пайдаланылат? Түшүндүрмө

  • Той-аштарга кескин тыюу салынат. Республикалык штаб жаңы чектөөлөрдү карап жатат;
  • Кыргызстан коронавирустун биринчи толкунунан чыга элек, окумуштуулар күздө дагы экинчи толкуну болорун айтууда;
  • Пневмония бул коронавирустун кесепетинен келип чыккан оору;
  • Коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар. Ал ички тартипти жана санитардык нормаларды катуу сактоо;
  • Дүрбөлөңгө алдырбай, сабырдуу бололу. Өз ара ынтымакташып, бири-бирибизге көмөк көрсөтөлү. Биргеликте гана биз күчтүү боло аларыбызды эске алалы.
Жаңылыктар түрмөгү
0